Райондук сот Барскоонго төгүлгөн цианидден жабыркагандардын арызын канааттандырган жок

21-марттагы сот отуруму. Сүрөт: 24.kg

Бишкектин Октябрь райондук соту 21-апрелде Ысык-Көлдүн Барскоон дарыясына төгүлгөн цианидден жабыркаган 54 адамдын «Кумтөрдөн» кенемте төлөтүү жөнүндө арызын карады. Доогерлердин талабы канааттандырылган жок. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучулардын адвокаты, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эркингүл Иманкожоева «Азатыкка» жабыр тарткандар жогорку инстанцияга апелляциялык арыз берерин белгиледи.

«Бүт мыйзам биз тарапта эле. Ар бир доогердин анализинен цианид чыкканы тууралуу соттук-медициналык экспертизасы, медициналык тастыктамалары, боюнан алдырууга мажбур болгон аялдын аныктамасы бар болчу. Бирок ошого карабай бүгүн судья мыйзамсыз чечим кабыл алды. Судья Жарандык-процессуалдык кодекстин моралдык кенемте маселесин сот гана чечери тууралуу нормасын, Конституциянын 49-беренесин бузду», — деди ал.

Иманкожоева соттун чечимине нааразы болгон доогерлер президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусун талап кылып Өкмөт үйүнө барышканын, себеби ал 2012-жылы уулангандардын укугун коргоону убадалаганын айтты. Ошондой эле президент Жапаров иш сапардан келгенде тургундарды кабыл алат деген ишенич бар экенин кошумчалады.

Барскоонго төгүлгөн ционидден жабыркаган тургундар

1998-жылдын 20-майында Барскоон дарясына «Кумтөр Оперейтинг Компани» компаниясынын унаасы авария болуп, 1740 килограмм цианид төгүлгөн.

«Кумтөрдүн» маалыматына ылайык, цианид төгүлгөндөн кийин суу хлор менен тазаланган, мындан улам жергиликтүү тургундар ууланган. 17 000 адам медициналык жардамга муктаж болуп, 2000 адам жабырлануучу деп табылган, эки киши көз жумган.

2009-жылы сотко 29 жергиликтүү тургундун атынан ден соолукка келтирилген зыян үчүн ишкананы моралдык кенемте төлөтүү боюнча арыз берилген. Жогорку сот 2021-жыл жабыркаган 17 кишинин ар бирине 400 миң сомдон кенемте төлөп берүү чечимин чыгарган. Калган 12 адам сот чечимине жетпей каза болгон. Ошол эле жылы сотко дагы 54 адам моралдык кенемте төлөтүү боюнча доо арыз берген болчу.

Тема боюнча:

Барскоондогу цианид. Жогорку сот инвесторду жабыркагандарга кенемте төлөөгө милдеттендирди