Салыктары төлөнбөгөн 500дөн ашуун кыргызстандыкка өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

Мамлекеттик салык кызматы салык карызы бар 535 жаранга өлкөдөн чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Алардын маалыматына ылайык, өлкөдөн чыгарууга чектөө киргизилиши керек болгон дагы 1 128 салык төлөөчүгө байланыштуу Сот департаментине маалыматтар жөнөтүлгөн.

Жаңы чектөөлөр, Мамлекеттик салык кызматынан белгилешкендей, жаңы кабыл алынган Салык кодексине ылайык кабыл алынган. Ведомство эгер салык төлөөчүнүн карызы 100 миң сомдон ашып, 15 күндүн аралыгында төлөнбөгөн болсо, сотко кайрылып өлкөдөн чыгууга чектөө коёт.

Салык кызматынан кошумчалашкандай, буга чейин водомство менен Сот департаментинин ортосунда келишим түзүлгөн. Ага ылайык, сот карызы бар салык төлөөчүнүн мүлкү камакка коё алат.

Карызы барлардын тизмеси ай сайын Салык кызматынын сайтына чыгып турат.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын январында жаңы Салык кодексине кол койгон. Салык кодексинин жаңы долбоору айрым депутат жана юристтер тарабынан бир нече жолу сынга алынган. Алар документ «өтө чийки» экенин, бир катар дал келбестиктер жана кемчиликтер бар экенин белгилешкен.