Орусияда «Клооптун» сайтына бөгөт коюлду

Байланыш жана маалыматтык технологияларга көзөмөл жүргүзүү федералдык кызматы (Роскомнадзор) Орусиянын аймагында «Клооптун» сайтына бөгөт койду. Ведомствонун сайтындагы маалыматка ылайык, мындай чечим 23-апрелде өлкөнүн Башкы прокуратурасынын талабынын негизинде кабыл алынды.

Бирок бөгөт коюунун себеби белгисиз. Роскомнадзордун сайтында бөгөт коюуга негиз катары «Маалымат жөнүндө» федералдык мыйзамдын 15.3- беренеси көрсөтүлгөн. Анда «массалык башаламандыкка, экстремизмге жана мыйзамсыз массалык акцияларга катышууга чакырыктар менен коштолгон анык эмес, ошол эле учурда коомдук мааниге ээ болгон» маалыматты камтыган сайттарга бөгөт коюуу тартиби каралган.

Роскомнадзордун сайтынан скриншот.

«Роскомсвобода» коомдук долбоору «Клооп» сайты Украинадагы «“атайын операция” тууралуу материалдары үчүн» бөгөттөлүшү мүмкүн деп болжоду. Орус бийлиги Украинадагы согушту дал ушундай атап келет. Алар ЖМКдан дагы «атайын операция» деп атоону талап кылууда. Ошондой эле, ЖМК согуш тууралуу макала жарыялоодо «орусиялык расмий булактардын гана маалыматына» таянып жазышы керек. Болбосо Роскомнадзор ЖМКга 5 млн рублга чейин айып салып, сайтты бөгөттөй алат.

«Клооп» 24-февралда башталып, бүгүнкү күнд да уланып жаткан Орусиянын Украинага кол салуусун согуш деп атап жатат.

Макалага бөгөт коюу

«Клооп» Роскомнадзордун көңүл борборуна мурда дагы чалдыккан. 2021-жылы ноябрда ведомство «Клооптун» Бишкекте 22 жаштагы жигит өз өмүрүнө кол салганы тууралуу макаласын Орусиянын аймагында таратууга болбой турган маалыматтарды камтыган барактардын реестрине кошкон.

«[Көрсөтүлгөн] барак өз өмүрүнө кол салуунун жолдору тууралуу маалыматты камтыйт жана суицидке чакырык жасайт», — деп айтылган Роскомнадзор жазган катта.

Ведомство эгер «Клооп» макаланы өчүрбөсө орусиялык байланыш операторлору тарабынан порталга кирүүгө чектөө коюлат деп билдирген. Акыры окуя так ошондой аяктаган.

«Клооп» макаланы өчүргөн эмес, бирок ага карабастан 2022-жылдын 21-мартында Роскомнадзор макалага коюлган бөгөттү алып таштаган жана «Клооп» сайтын бөгөттөн чыгарган.

«Клооптун» сайты 2014-жылы «жихадчы-казак балдар» тууралуу материал жарык көргөндөн кийин Казакстандын бийлиги тарабынан бөгөттөлгөн.