Өткөн аптада COVID-19 менен ооругандардын арасында өлүм учуру катталган жок

Саламаттык сактоо министрлиги 19-апрелден 25-апрелге чейин Кыргызстанда COVID-19 менен ооругандардын арасында өлүм учурлары катталбаганын билдирди.

Министрликтин маалыматына таянсак, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирустан жалпы 2 991 киши каза болду.

Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги өткөн аптада өлкө боюнча 10 адам COVID-19 жуктурганын маалымдады. Пандемия башталгандан бери өлкө аймагында 200 990 адамга вирус жуккан.