Ак-Суу районунун тургунунун үйүнөн ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылды

Ак-Суу районунун тургунун үйүнөн Кызыл китепке кирген ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекемеден милицияга айыл тургундарынын бири ок атуучу куралды мыйзамсыз сактап жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөнүн айтышты. Шектүү Теплоключенка айылынын 37 жаштагы тургуну болуп чыккан.

«Үйүндө тинтүү жүрүп, мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал жана Кызыл китепке кирген ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылып, далил зат катары алынган» — деп кабарлашты мекеменин басма сөз кызматынан.

Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, шектүү сурак учурунда жаныбарды таанышы атып алып, убактылуу калтырып кеткенин билдирди.

Милиция кызматкерлери ошол эле райондун Ак-Булуң айылынын 48 жаштагы тургунун кармашкан. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, жаныбарды Ак-Суу районунун сырт өрөөнүнөн атып алганын айткан. Тинтүү учурунда анын үйүнөн да документтери жок ок атуучу курал табылган.

Ак илбирс жоголуп бараткан жаныбар катары Кызыл китепке киргизилген. Жаныбар Кытай, Монголия, Непал, Тажикстан, Афганистан, Казакстан жана Өзбекстандын аймактарын байырлайт. Айрым маалыматтар боюнча Кыргызстанда алардын саны 300-350гө жеткени айтылып жүрөт, башка булактар биздин өлкөдө 400-450 ак илбирс бар экенин айтат.

2013-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги менен Кыргызстанда алгачкы жолу ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форум өткөн. Анда ак илбирс байырлаган 12 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Бул демилгеден кийин ак илбирсти сактоо боюнча глобалдык план иштелип чыккан.

Ак илбирсти сактоо боюнча демилгелер көтөрүлгөнүнө карабастан, эксперттер 2040-жылга чейин алардын дүйнөдөгү жалпы саны 10%га азаят деп божомолдошууда. Буга көптөгөн факторлор, анын ичинде алар байырлаган чөйрөлөрдүн кыскарышы да себеп болот.