Азаттык: Дмитрий Козак Кыргызстанга келип кеткени белгилүү болду

Орусия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак өткөн аптада Кыргызстанга келип кеткен. Бул тууралуу «Азаттык» өздүк булактарына таянып билдирди.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматы «Клоопко» аталган маалыматка комментарий берүүдөн баш тартты. Орусия президентинин сайтында дагы Козактын сапары тууралуу маалымат жок.

19-апрелде Temirov LIVE’дын журналисттери кезектеги иликтөөсүн жарыялап, 6-апрель күнү «Манас» аэропортуна Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын учагы конгонун айтышкан. Учак Кыргызстандын аймагында 2 күн турган.

Иликтөөдө ушул эле учак Бишкекке 2020-жылдын 12 жана 20-октябрында дагы, Садыр Жапаров алгач өкмөт башчысы, андан кийин президенттин милдетин аткаруучусу болуп дайындалганда келип кеткени айтылат.

Октябрь окуялары

2020-жылдын 5-октябрында Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен митинг башталып, ал митингчилер менен күч түзүм кызматкерлеринин ортосундагы кагылышка алып барган.

6-октябрга караган түнү Ак үй басып алынып, бир катар саясатчылар, анын ичинде Алмазбек Атамбаев менен Садыр Жапаров колониядан бошотулган.

Садыр Жапаровдун тарапташтары абактан бошотулган саясатчыны премьерлик кызматка дайындоону талап кылышкан, ал эми депутаттар саясатчынын үзөңгүлөштөрүнүн коркутууларына арызданышкан. Ошентип Садыр Жапаров өкмөт башчылыкка дайындалган.

Андан кийин Жапаровдун тарапташтары президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылууга өтүп, өлкө башчысы жаңы келген премьер-министр менен жолугушкан соң отставкага кетүүнү чечкен. Көп өтпөй эле Жапаровдун тарапташтары саясатчыдан президенттик милдетти дагы аткара баштоосун талап кылышкан.

Парламент спикери коркутуулардан улам президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан соң бул кызмат Садыр Жапаровго өткөн. 2021-жылдын январында өткөн шайлоодо Жапаров расмий президент болуп шайланган.