Маркум укук коргоочу Азимжан Аскаровдун Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы үйү аялы Хадича Аскарованын менчигине өттү. Маалыматты «Клоопко» «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун Оштогу координатору Хусанбай Салиев тастыктады.
Анын айтымында, үй талашта турган жана конфискацияланып калышы мүмкүн болчу.
«Документ ала албай жүрүшкөндүктөн каттоого алууда маселе бар болчу. Мамкаттоо мураскерлик үчүн документтерди даярдагандан кийин Хадича Аскарова менчик укугуна ээ болду», — деди Салиев үй камактан дагы алынганын кошумчалап.
Салиев учурда юристтер Аскаровдордун үй-бүлөсүнө таандык башка мүлктөрдү дагы кайтаруунун үстүндө иштеп жатышканын белгиледи.
Жогорку сот 2019-жылы Азимжан Аскаровдун үйүн камакка алуу боюнча Октябрь райондук сотунун чечимин колдогон. Адвокат Валерьян Вахитов соттун чечими мыйзамсыз экенин айтып БУУнун Адам укуктары боюнча Комитетине кайрылуу жолдогон. Ал турак жай камакка алуунун предмети боло албасын, аны конфискациялоого да болбосун, себеби ал күрөөгө коюлган эместигин, кылмыш жасоонун предмети болуп эсептелбегенин жана кандайдыр бир мыйзамсыз иштерге пайдаланылбаганын белгилеген.
Аскаровдун өлүмү
Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалдан кийин бир нече оор беренелер боюнча соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 түзөтүү абагында көз жумган. Аскаров 69 жашта болчу, каза болор алдында ден соолугу бир топ начарлап кеткен. Аскаровдун өлүмүнө эки тараптуу пневмониянын шартында өөрчүгөн курч дем алуу жетишсиздиги себеп болгон.
Адвокат укук коргоочуну ооруканага жаткырууну талап кылганына карабастан бийлик Аскаровду ЖАМКтын борбордук ооруканасы жайгашкан 47-колонияга которуу менен гана чектелген. ЖАКтын маалыматына ылайык, Аскаров өзү ооруканага жатуудан баш тарткан.
Укук коргоочунун өлүм фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кийин ЖАКтын тергөөчүсү кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу ишти токтоткон. Бул чечимди Бишкектин Свердлов райондук соту мыйзамдуу деп тапкан.Мындан улам «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» адвокаттары Бишкек шаардык сотуна жана Жогорку сотко аппеляция беришкен. Эки сот тең Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча иштин токтотулганын мыйзамсыз жана негизсиз деп тапкан.
Жаңы иликтөөнү кайрадан ЖАК колго ала турган болгон, бирок «Бир Дүйнө — Кыргызстандын» адвокаттары буга каршы чыгышкан. Адвокаттар мекеме кылмыш ишинин токтотулушуна кызыктар жана аны бейтарап иликтей албайт деп айтышкан. Алар ишти УКМКга өткөрүүнү, ошондой эле Башкы прокуратурадан укук коргоочунун өлүмүн иликтөө ишинен ЖАКтын тергөөчүсүн четтетүүнү суранышкан. Ал эми 2021-жылдын сентябрында Азимжан Аскаровдун өлүмүн УКМК иликтей турганы белгилүү болгон.
Аскаров деген ким?
Азимжан Аскаров — Кыргызстандын белгилүү укук коргоочуларынын бири — өмүрүнүн акыркы 10 жылын абакта өткөргөн. Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармалган.
Укук коргоочуга «массалык башаламандыктарды уюштуруу», «улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «милиционерди өлтүрүүгө катышуу» айыптары тагылган. Андан кийин 2010-жылдын сентябрында сот Аскаровду өмүр бою эркинен ажыраткан, бирок укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.
Азимжан Аскаровдун иши боюнча бир катар карама-каршылыктар байкалган — укук коргоочу негизинен милициянын көрсөтмөсүнүн негизинде гана соттолгон. Мындан тышкары, БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров кыйноого алынгандыгын жана укук коргоочуга каршы сот иши адилетсиз болгонун айткан.
Укук коргоочулар Аскаровго карата куугунтуктоо ал милиция тарабынан жасалган кыйноо фактыларын иликтөөгө алгандыгы менен байланыштырган.
2016-жылы БУУнун комитети кыргыз бийлигинен Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, камактан бошотууну талап кылган, бирок ,бийлик аны ишке ашырган эмес. Сотто анын иши кайра каралганы менен өкүм мурдагы бойдон эле калган.
«Бир дүйнө» укук коргоочу уюму 2021-жылдын жайында Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь окуяларына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, Аскаровду өлүмүнөн кийин актоону өтүнүшкөн.
Башкы беттеги сүрөт: «Апрель»