Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөө уланат

Бишкектин Свердлов райондук соту укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү боюнча тергөө ишинин токтотулушун мыйзамсыз жана негизсиз деп тапты. Бул тууралуу 23-августта Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

«Сот ЖАМКтын тергөөчүсүнүн Азимжан Аскаровдун өлүм фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу тууралуу чечимине каршы берилген коргоочу тараптын арызын канааттандырды. Андыктан, тергөөчүнүн чечими мыйзамсыз жана негизсиз деп табылды. Судья тергөөнүн күбөлөрдү жоктугуна же келбегенине байланыштуу суракка алуу мүмкүн эмес деген жүйөсүн ишенимдүү эмес деп тапты», — деди жактоочу Айдар Сыдыков.

Анын айтымында, бул ишти ЖАМК иликтейт. Бирок жактоочулар ишти УКМКга өткөрүүнү талап кылат, себеби ЖАМК кылмыш ишин токтотууга кызыктар.

Аскаровдун өлүмү

Азимжан Аскаров.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы улуттар аралык жаңжалдан кийин бир нече оор беренелер боюнча соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 түзөтүү абагында көз жумган.

Аскаров 69 жашта болчу, каза болоор алдында ден соолугу бир топ начарлап кеткен. Аскаровдун өлүмүнө эки тараптуу пневмониянын шартында өөрчүгөн курч дем алуу жетишсиздиги себеп болгон.

Адвокат укук коргоочуну ооруканага жаткырууну талап кылганына карабастан бийлик Аскаровду ЖАМКтын борбордук ооруканасы жайгашкан 47-колонияга которуу менен гана чектелген. ЖАМКтын маалыматына ылайык, Аскаров өзү ооруканага жатуудан баш тарткан.

Укук коргоочунун өлүм фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Кийин ЖАМКтын тергөөчүсү кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу ишти токтоткон.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» жана адвокаттар Айдар Сыдыков менен Бакытбек Автандил уулу тергөөчүнүн чечими мыйзамсыз экенин айтып, Свердлов райсотуна апелляциялык арыз жолдогон. Бирок 1-июнда райондук сот дагы ишти иликтөөнү токтотуу чечимин кабыл алган — адвокаттардын апелляция берүү мөөнөтү бүтүп калган. Андан соң укук коргоочулар бул чечимдин үстүнөн Бишкек шаардык сотуна даттанган.

Июль айынын аягында Бишкек шаардык соту Свердлов райсотунун түзөтүү колониясында укук коргоочу Азимжан Аскаровдун көз жумушу боюнча кылмыш ишин кыскартуу чечимин жокко чыгарган.

«Эми кылмыш иши Свердлов райондук сотунда кайра каралат. Биз шаардык соттун чечимин толугу менен колдойбуз. “Бир дүйнө Кыргызстан” жана юристтер Азимжан Аскаровдун өлүмү толук, сапаттуу иликтениши үчүн күрөштү улантат», — деп билдирген ошондо «Бир дүйнө Кыргызстан» укук коргоочу уюмунун координатору Аида Байжуманова.

Буга чейин «Бир дүйнө» укук коргоочу уюму Кыргызстандын түштүгүндөгү 2010-жылдын июнь окуяларына байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдогон. Алар Аскаровдун өлүмүн ЖАМК иликтеп жатканында кызыкчылыктар кагылышы бар дешкен, ведомство кайрадан көз карандысыз, комиссиялык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартып койгонун дагы белгилешкен.

Аскаров деген ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын белгилүү укук коргоочуларынын бири — өмүрүнүн акыркы 10 жылын абакта өткөргөн. Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармалган.

Укук коргоочуга «массалык башаламандыктарды уюштуруу», «улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «милиционерди өлтүрүүгө катышуу» айыптары тагылган. Андан кийин 2010-жылдын сентябрында сот Аскаровду өмүр бою эркинен ажыраткан, бирок укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

Азимжан Аскаровдун иши боюнча бир катар карама-каршылыктар байкалган — укук коргоочу негизинен милициянын көрсөтмөсүнүн негизинде гана соттолгон. Мындан тышкары, БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров кыйноого алынгандыгын жана укук коргоочуга каршы сот иши адилетсиз болгонун айткан.

Укук коргоочулар Аскаровго карата куугунтуктоо ал милиция тарабынан жасалган кыйноо фактыларын иликтөөгө алгандыгы менен байланыштырган.

2016-жылы БУУнун комитети кыргыз бийлигинен Аскаровго карата чыгарылган өкүмдү жокко чыгарып, камактан бошотууну талап кылган, бирок ,бийлик аны ишке ашырган эмес. Сотто анын иши кайра каралганы менен өкүм мурдагы бойдон эле калган.