Азимжан Аскаровдун өлүмүнө курч дем алуу жетишсиздиги себеп болгону айтылды

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова абакта каза тапкан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун сөөгүн текшерүүнүн жыйынтыгы келгенин кабарлады. Медициналык корутундуда Аскаровдун өлүмүнө эки тараптуу толук пневмониянын шартында өөрчүгөн курч дем алуу кемчилдиги себеп болгону айтылат.

«Өлкөнүн бийлиги сапаттуу медициналык жардамды камсыздап берген жок, БУУнун Адам укуктары боюнча Комитетинин талаптарын аткарган жок, катуу ооруп аткан Аскаровду гуммандык ойго салып бошотпой койду. Бул укук коргоочуну соттон тышкары өлүм жазасына тартуу менен саясий өлтүрүүнүн фактысы», — деп эсептейт укук коргоочу.

Азимжан Аскаровдун денеси текшерилгенден кийин чыгарылган медициналык корутунду. Сүрөт: Төлөкан Исмаилова

Эми болсо, Исмаилованын айтымында, Азимжан Аскаровдун туугандары маркумдун сөөгүн Өзбекстанга алып кетип, керээзи боюнча ал жактан жерге берүү үчүн ТИМдин нотасын күтүп жатат.

Азимжан Аскаров 25-июлда Жаңы-Жер айылындагы №47 колониянын борбордук ооруканасында каза болгон. Аны ал жерге ЖАМКтын кызматкерлери 24-июлда жеткиришкен, бирок Аскаровдун кесиптештери жана адвокаттары ал мурда эле ооруканага жаткырылууга муктаж экендигин айтышкан.

Укук коргоочулар менен авдокаттар Аскаров өмүрүнүн акыркы күндөрү өтө оор абалда болуп, өз алдынча баса албай, дээрлик тамактанбай калганын айтып арызданышкан.

ЖАМК ал убакта Аскаровдун кесиптештеринин жана адвокаттарынын бардык билдирүүлөрүн четке кагып, укук коргоочу меджардамга муктаж эмес деп билдирген.

Аскаров көз жумгандан кийин ЖАМК укук коргоочу ооруп атканын моюндап, анда коронавирус аныкталганын билдирген. Ошондой эле мамлекеттик кызматтан Аскаров дарылануудан жана ооруканага жатуудан таптакыр баш тартып, ал эми ооруканага жеткирилгенден кийин «кычкылтек беткабын чечип салып, ошол себептүү көз жумганын» белгилешкен.

Азимжан Аскаров — Кыргызстандагы эң белгилүү укук коргоочулардын бири. Аскаров өмүрүнүн акыркы 10 жылын абакта өткөрдү.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

Укук коргоочунун ишинде көптөгөн түшүнүксүз жагдайлар болгон. Мисалы ага өкүмдү негизинен милиционерлердин көрсөтмөсү боюнча чыгарышкан. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров кыйноого алынып, укук коргоочуга карата сот териштирүүсү адилетсиз болгонун тааныган.

Укук коргоо уюмдары Аскаровдун куугунтукталышын анын ишмердүүлүгү менен байланышытырп келишкен. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөнү менен эл арасында таанымал.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарууну талап кылган.

Иллюстрация: Татьяна Зеленская