Аскаров өз убагында дарылануудан баш тарткан — ЖАМК укук коргоочунун өлүмү тууралуу

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 29-июлда укук коргоочу Азимжан Аскаров кандай жагдайда каза болгонун айтып берди. Мамкызматтын маалыматына ылайык, укук коргоочу Аскаровдун көптөгөн коштомо оорулары болгон: жүрөктүн коронардык оорусу, атеросклероздук кардиосклероз, коронардык жана баш мээ тамырларынын атеросклерозу, аралаш генездин дисциркулятордук энцефалапатиясы, өнөкөт холецистит жана панкреатит, ошондой эле, сол бөйрөктүн өнөкөт пиелонефрити.

Медициналык корутундуда Аскаровдун өлүмүнө эки тараптуу толук пневмониянын шартында өөрчүгөн курч дем алуу кемчилиги себеп болгону айтылат.

Аскаровдун пневмония менен ооруп калышына бир нече себептер бар. Ага суук тийип, анын өөрчүп кетиши, өнөкөт оорулары жана Аскаровдун ЖАМКтын №47 мекемесинин алдындагы Борбордук ооруканада өз убагында стационардык дарылануудан баш тартуусу дагы себептердин бири болушу ыктымал.

ЖАМКтын маалыматына ылайык, Аскаров оорукана жайгашкан №47 колонияга алынып келгенде ал кычкылтек концентраторуна кошулган.

«Сатурациясынын деңгээли 80-83 болгон. Аскаров кезметчи врачтын кароосунда болгон», — деп билдирет мамкызмат.

ЖАМК Аскаровдо «медициналык тейлөөдөн өтүүгө толук мүмкүндүгү болгонун жана дайыма кароодон өтүп турганын» айтып көшөрүүдө. Ведомстводон Аскаровго Саламаттык сактоо министрлигинин атайын адистери кеңеш берип, андан тышкары №47 абактын дайыма дарылануудан өтүп турганын кошумчалашты.

ЖАМК Аскаров дене табына 9-июлда эле даттанып, ага 47-колонияда дарылануу сунушталганын, бирок ал баш тартканын айтууда. Дарылануудан баш тартуу медкитепчеге жана акыйкатчынын пресс-релизине киргизилген. Ошол эле учурда, 10-июлда ЖАМКтан «бардыгы көзөмөлдө» экенин айтышкан.

«Жаңы-Жер айылындагы мекеме заманбап шарты бар жаңы имарат, ал бардык стандарттарга жооп берет. Врачтар, дары-дармек бар. Бардыгы көзөмөлдө. Ал жакта видеокамералар орнотулган, ар бир кыймыл катталып турат», — деп айтып беришкен «Клоопко» 10-июлда ЖАМКтан. Аскаровдун саламаттыгы начарлаган учурда аны Жаза аткаруу кызматынын «борбордук ооруканасы жайгашкан №47 колонияга которуулары» керек болчу.

Аскаров, ЖАМКтын маалыматына ылайык, 24-июль күнү араң 47-колонияга дарылануу үчүн «мажбурлоо жолу менен» которулган. Ошол эле күнү «Клооп» ЖАМКтан укук коргоочунун саламаттыгын билүү үчүн комментарий сураган, анткени Аскаровдун адвокаты коргоп аткан адамына глюкоза сайып жатышканын кабарлаган болчу.

ЖАМКтан «Клоопко» Аскаровдун ден соолугунун абалы жакшы жана ал медициналык жардамга муктаж эмес деп билдирип, укук коргоочунун ден соолугу начарлады деген маалымат чындыкка дал келбээрин айтышкан. Анткен менен 25-июлдун эртеси Аскаров көз жумган.

Камактагы 10 жыл

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын таанымал укук коргоочуларынын бири. Ал өмүрүнүн акыркы 10 жылын абакта өткөрүп каза тапты.

Аны 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык жаңжал учурунда кармашкан. Укук коргоочуга «Массалык башаламандыктарды уюштуруу», «Улуттар аралык кастыкты козутуу» жана «Адам өлтүрүүгө катышуу» беренелери боюнча айып тагылган. Сот Аскаровду 2010-жылдын аягында өмүр бою эркинен ажыраткан менен укук коргоочу тагылган айыпты мойнуна алган эмес.

Укук коргоочунун ишинде көптөгөн түшүнүксүз жагдайлар болгон. Мисалы ага өкүмдү негизинен милиционерлердин көрсөтмөсү боюнча чыгарышкан. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров кыйноого алынып, укук коргоочуга карата сот териштирүүсү адилетсиз болгонун тааныган.

Укук коргоо уюмдары Аскаровдун куугунтукталышын анын ишмердүүлүгү менен байланыштырып келишкен. Ал милиция тарабынан жасалган кыйноолор боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөнү менен эл арасында таанымал.

БУУнун Адам укуктары боюнча комитети 2016-жылы Кыргызстандын бийлигин Аскаровду токтоосуз бошотуп, анын соттолгондугун жокко чыгарууну талап кылган.