Кара-Суу шаардык мэриясында жаңжал чыгып, депутат ооруканага түштү

Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты кезексиз сессия өтүп жатканда сабалганын билдирди. Маалыматты Ош ОИИБнин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматына ылайык, 15-апрелде 57 жаштагы Рустам Хатамов аттуу жаран денеси жабыркап райондук ооруканага келген. Милиция текшерүү баштап, депутат шаардык кеңештин спикери Абдрахман Назаровго карата чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган.

Хатамовдун адвокаты Нилуфар Юсупжанова «Турмушка» билдиргендей, Назаров депутатка сессия учурунда, маселе көтөрүп жатканда кол салган. Анын айтымында, депутат бүгүнкү күндө ооруканада жатат.

Рустам Хатамов. Сүрөт: Turmush.kg

Бирок Назаров Хатамовго кол салганын четке кагууда. Анын айтымында, отурум учурунда кайым айтышып, жакалашып кетишкен, бирок мушташ болгон эмес.

Төрага Хатамовдун баласы жетектеген «Кара-Суу Тазалыкка» 9,1 млн сом бөлүүнүн мыйзамдуулугу боюнча маселени көтөргөнүн билдирген.

«Жыйында аны урган эмесмин. Аны менен жакалашып гана кеткенбиз. Анын уулу 2021-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь, февраль айына чейин документтерди алып кетип калыптыр [...] Сессияга уулу келбей калыптыр. Мен “эмнеге баласы документти алып кетип калат, мыйзамдуулукка жатабы?” десем, атасы чычалады. “Мен суроону сизге берген жокмун” десем, катуу кыйкырып жиберди. “Кимге кыйкырып жатасыз?” деп, ал жерде болгону жакалашып гана кеткенбиз. Башка сөз болгон эмес. [...] Көзү көгөрүптүр деп уктум, сабаган эмесмин», — деп билдирген ал басылмага.

Рустам Хатамов жана Абдрахман Назаров 2021-жылдын 28-ноябрында «Биздин Кыргызстан» партиясынан шайланып келишкен. Ага чейин Хатамов Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы болгон.

Назаров спорт чебери. Ачык маалыматтарга ылайык, ал 84 кг салмак категориясында мелдештерге чыгып келген.