Бишкекте 8-класстагы окуучу бала 3-класста окуган кызды сабады, жабырлануучунун абалы оор

Бишкекте №58 мектептин 8-классында окуган бала 3-класстагы окуучу кызды сабоого шектелүүдө. Жабырлануучунун апасынын айтымында, кыз учурда №3 балдар ооруканасында оор абалда жатат.

Булак: nb_novosti_bishkeka

Жабырлануучунун апасы 27-апрелде чоң класстагы окуучу бала кызын сабап, ал эс учун жоготкондон кийин көчөгө калтырып кеткенин айтып берген. Кыз эки саттай жамгыр менен мөндүрдүн астында жатып калган.

«Ал келечектеги кылмышкер жана коом үчүн коркунучтуу. Ал менин кызымды кантип, эмне кылышты алдын ала пландаган. Кийин издерди жашырып, кызым алган жаракаттарынан “өлүп калды” деп ойлоп жайбаракат үйүнө эс алганы кеткен. Ал суракта ушинтип айтыптыр. Ал баарын мойнуна алды, бирок эч ким эч кандай чара көрбөй жатат», — деген жабырлануучунун апасы.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматы «Клоопко» ошол күнү милицияга 10 жаштагы кыз мектепке баргандан кийин үйгө кайтып келбей, жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөнүн билдирди.

Укук коргоо кызматкерлери кызды мектептин артынан денесинде жаракаттары менен табышкан. Окуучу кыз №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Аталган факты боюнча «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголду. Милиция “П.А.” аттуу 8-класстын окуучусун суракка алды. Алдын ала маалыматтар боюнча шектүү жабырлануучу кыз жана анын үй-бүлөсү менен тааныш болгон, бирок анын аракеттериниин себеби азырынча тактала элек.

«Аталган кылмыш иши Бишкек ШИИБдин жана Ленин РИИБдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүндө», — деп белгилешти милициядан.