Милиция дайрага 8 тоннадан ашык сүттү төккөн адамды тапты

Милиция Чүй облусундагы дайралардын бирине 8 тоннадан ашык сүттү төккөн кишини тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейин депутаттыкка мурдагы талапкер Элнура Алканова төрт видео жарыялап, «Үмүт жана Ко», «Ак-сүт» жана «Кант сүт» компаниялары сүт алуудан баш тартып жаткандыктан Чүй облусунда фермерлер сүттөрүн дарыяга төгүүгө аргасыз экенин билдирген. Алканова заводдор ушундай жол менен товардын баасын түшүрүп жатышы ыктымал деп болжогон.

Милициянын маалыматына ылайык, видеолор үстүбүздөгү жылы тартылган. Бирок Айыл чарба министрлиги 1-майда видео материалдар 2021-жылы тартылган деп айтууда. Ушундай эле версияны минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев баарлашкан заводдун кызматкери да айткан.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 30-апрелде жеке менчик компаниялардын бири сүт тарткычтын айдоочусу Сокулук районунун Жаңы Жер жана Жогорку-Чүй айылдарынан чогултуп келген 8,5 тонна сүттү кабыл албай койгон.

Сүт тийиштүү талапка ылайык келбей калган. Ал эми айдоочу сүттү 1-майда Жаңы-Жер айылындагы дайрага төгүп, төгүп жаткан учурду видеого тартып, кардарларына жөнөткөн.

Мекемеден кошумчалашкандай, милиционерлер Чүй облусунда сүт кабыл алуучу жеке компанияларга барып маектешип, ишканалар кадимки тартипте иштеп жатканын аныкташкан. Тергөө уланууда.