Ош: Таттуу токочтон ууланган үч баланын абалы оор

Иллюстративдик сүрөт

Ош шаарында таттуу токочко ууланган 33 адам ооруканага түштү, үч жаш баланын абалы оор. Бул тууралуу 2-майда Ош шаардык санэпидкөзөмөл борбору кабарлады.

Маалыматка караганда, ооруканага түшкөндөрдүн 15и жаш балдар. Мекемеден ууланууга Кара-Суу районунда жайгашкан «Сахобат» кондитердик цехинен чыгарылган азыктар себеп болгонун айтышууда.

Учурда цехке айып салынып, иши токтотулду. Аны менен катар, кондитердик үй чыгарган азыктарды саткан эки дүкөнгө салынып, товарлар текчеден алынды.

«Учурда анализдер алынып, тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Алдын ала жыйынтык боюнча, уулануунун себеби Staphylococcus aureus бактериясы деп божомолдонууда», — деп айтылат санэпидкөзөмөл борборунун маалыматында

Ош ШИИБи жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору аба ырайы кескин ысып кеткенине байланыштуу тургундарды тез бузула турган азык-түлүктөрдү сатып алууда сак болууга чакырды.