Садыр Жапаров мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. Ал мусулмандарды «диний сабаты төмөн түркөйлөрдүн жетегине жетеленбөөгө» чакырды.

«Коомчулукта ислам маданияты менен кылым карыткан кыргыз маданиятынын ортосундагы байланыш тууралуу талкуу жүрүп калат. Эки маданиятты карама-каршы коюуга далалат кылган чагымчылар жана диний сабаты төмөн түркөйлөрдүн жетегине жетеленбөө керектигин белгилеп кетейин», — деди президент.

Ошондой Жапаров элди кайрымдуу болууга, араздашкандарды элдешүүгө, жакындар менен жылуу мамиледе болууга чакырды.

«Кыргызстаныбыздын жамы журту, өлкөбүздү мекен тутуп, байырлаган ар кыл этностордун өкүлдөрү бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, ынтымакта, биримдикте болуп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө өз салымыбызды кошо берели», — деп сөзүн жыйынтыктады өлкө башчысы.

Бүгүн, 2-майда, мусулмандар Орозо айт майрамын белгиленип жатышат. Ош жана Бишкек шаарларынын борбордук аянтында айт намазы окулду. 2020-2021-жылдары коронавирус пандемиясынан улам аянтта айт намазын окууга тыюу салынган болчу.