Кыргыз авиакомпаниялары бааны жана тарифти сом менен көрсөтүшү керек, болбосо штраф салынат

Кыргызстандын авиакомпаниялары бааларды жана тарифтерди улуттук валютада (сом) көрсөтүшү керек. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Мекемеден баалар, комиссиялык сыйакы жана тарифтер сом менен көрсөтүлүшү зарыл деп белгилешти. Бул керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү мыйзамда бекитилген.

Монополияга каршы мамлекеттик кызматы Жарандык авиация агенттиги менен биргеликте авиакомпанияларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул ченемди 25-майга чейин аткарууну тапшырды.

Эгер талап аткарылбаса авиакомпаниялардагы юридикалык жактарга 5 миң сом, физикалык жактарга миң сом айып салынат.