Бишкекте жаандан улам аллея, жол, ал тургай соода борборун суу каптады

Бишкек 4-майдагы жаан-чачында, сөздүн ачыгы, чоң эле бир дайрага айланды: аллеяларды, жолдорду, базарларды, ал тургай «Таш-Рабат» соода борборун суу каптады.

Бишкектин туш-тарабынан шаардыктар суу каптаган жолдордун сүрөттөрүн жана видеолорун чыгарып, мэрияга арызданып жатышты.

Совет көчөсүндөгү көпүрөнүн алдын дагы суу каптаган. Тротуар көлчүккө айланган. Видеодон шаар тургуну жолун улай албай артка аргасыз болгон.

Бул болсо Орто Сай базарындагы абал.

Каттуу жааган жаандан улам «Таш-Рабат» соода борборунун биринчи кабатын дагы суу каптаган. Видеодо жарандар сууну өз күчү менен, швабра жана чакалар менен ташып чыгууга аракет кылышкан. Күбөлөрдүн айтымында, соода борборуна келгендер эвакуацияланып, ал эми борбордун өзү жабылган.

@malikos58

вот как то так)

♬ Sunroof - Nicky Youre & dazy

Суу калаанын борбордук бөлүгүндөгү Ибраимов жана Шопоков көчөлөрүнүн ортосундагы аллеяны дагы каптаган.

«Өтө албайсың, арыктар толуп, суу кетпей калган. Жолдорго суу толуп калгандыктан адамдар үйүнүн подъездерине бара албай турушат. Сүзсөң деле болчудай», — деп нааразы болгон шаар тургундарынын бири.

@rus_kabar_kg

Аллею в центре Бишкека затопило дождевой водой

♬ оригинальный звук - КНИА КАБАР

Суу Ала-Тоо аянтын да каптаган. «Илбирстин» аркасынын алдында жаандан жашынгандар да көлчүктөн өтө албай калышкан. Айланып өтүү үчүн кургак жер көрүнбөй калган.

Сүрөт: Александра Титова.