Медиктер бир күндүк айлыгын «Алтын Балалыкка» которууга милдеттендирилгени айтылды

Ооруканалардын жетекчилери медиктер бир күндүк маянасын «өз ыктыяры менен» «Алтын Балалык» реабилитациялык борборун калыбына келтирүүгө которууга милдеттендирилгенин айтып чыгышты. Борборду саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уулу реконструкциялап жататат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешиндеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Кадырбек Атамбаев Фейсбук барагына жазды.

«Мындай учурлар, медициналык профсоюздар билдиргендей, республика боюнча көп катталып жатат, муну биздин жеке иликтөөлөрүбүз да тастыктап турат [...] Госпиталдардын кызматкерлери жиберген “Ден-Соолук” (“Алтын Балалык”) долбоорунун атайын эсебинин сүрөттөрүн кошо тиркеп жатам», — деп жазды Атамбаев.

Атамбаев дарыгерлер медициналык мекемелердин жетекчилери басымдан улам бюджетке «кол салып», «Алтын Балалык» долбооруна акча берүү үчүн бейтаптардын тамак-ашынан үнөмдөп жатканын айтып беришкенин маалымдады.

Ошондой эле Атамбаев медкызматкерлерге басым болуп жатканы тууралуу буга чейин саламаттык сактоо кызматкерлеринин профсоюзнун борбордук комитетинин төрайымы Айгү Баялиева да билдиргенин, бирок ага эч кандай реакция болбогонун эске салды.

«Медицина кызматкерлери коркуп жатканы байкалууда. “Социал-демократтар” фракциясынын отурумунда аткаминерлер бул тууралуу кененирээк сүйлөшүү үчүн камераларды дагы өчүрүп турууну суранышты. Мамлекеттик сатып алууларда конкурстук сиситема алынып, бийликтин өтө эле борбордошуп жатканы бара-бара ар бир министрлик министрдин өзүнүн жеке энчиси болуп калышына алып барат», — деп жазды ал.

Атамбаев фракциясы бюджеттик кызматкерлердин бир күндүк маянасын которууга тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыгарын кошумчалады.

Ал арада Саламаттык сактоо министрлигинен медиктер бир күндүк айлыгын өткөн жылдын октярында которушканын, ал «Алтын Балалыкты» ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу боюнча «кайрымдуулук марафонунун» алкагында болгонун билдиришти.

«Марафон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркаган адамдарды, анын ичинде жалпы эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоо үчүн бардык кызыктар тараптардын аракетин бириктирүү максатында өткөн. Бул марафондун жүрүшүндө балдардын ден соолугу үчүн бул борборду ишке киргизүү канчалык маанилүү экенин түшүнүп, медицина кызматкерлери бир күндүк маянасын которуу менен өз салымдарын кошушкан», — деп билдиришти министрликтен.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, марафондун жыйынтыгында «Алтын Балалыктын» (буга чейин «Ден-Соолук» чакан рентген борбору) эсебине 58 205 478 сом түшкөн.

Мурдараак саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маектеринин биринде Ысык-Көлдөгү «Алтын Балалык» реабилитациялык борборун уулунун фирмасы куруп жатканын айткан.

«Жакында эле уулуман “бул жакка [“Алтын Балалык” реабилитациялык борборуна] канча [акча] салдың?” деп сурадым. Ал “Эми аз-көп, 2 млн доллар жумшадым” деди», — деп айтып берген Бейшеналиев.