«10 үй-бүлөнү үй менен камсыз кылууга болот». Президент үйүн мамипотекалык компанияга берди

Президенттин басма сөз кызматы Садыр Жапаров 30-сентябрда 2005-2010-жылдары жашаган Бишкек шаарындагы үйүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) белек кылганын билдирди.

Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнө таандык үй. Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы.

2010-жылы Жапаров үй-бүлөсү менен көчүп кеткенден кийин ал үйгө бала бакча ачылган.

Жапаров жеке турак жай рыногун жакшыртуу, муну менен «МИК» ААКсына «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик программасынын алкагында муктаждарды турак жай менен камсыздоосуна жардам берүү үчүн өзүнүн үйүн өткөрүп бергенин айтты. Муну менен ал жаңы ипотекалык программа бюджеттик тармактын кызматкерлерине даяр турак жайды сатып алууга насыя жылына 4% чен менен берилерин эске салды.

Президенттин айтымында, МИК бул турак үйдү аукционго койсо, анда бул акчага жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программасынын алкагында 10 үй-бүлөнү батир менен камсыз кылууга мүмкүн болорун айтты.

Кыргызстанда «Менин үйүм 2021-2026» турак-жай программасы 16-сентябрдан тартып ишке кирген.

Программанын жардамы мамлекеттик кызматкелер жылыны 4%, калган жарандар 8% менен жеңилдетилген ипотекалык насыя алса болот.