Садыр Жапаровдун үйү аукционго коюлду, баштапкы баасы — 33,7 млн сом

Мамлекеттик ипотекалык компания Садыр Жапаровдун Бишкектеги үйүн аукционго койду. Баштапкы баасы — 33,7 миллион сом (395 миң доллар).

Садыр Жапаровдун үйү. Сүрөт: Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Ачык аукцион 2021-жылдын 24-декабрында өтөт. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, эки кабаттуу үйдүн техникалык абалы — мыкты. Аянты 390 чарчы метр, жер тилкесинин жалпы аянты — 852 чарчы метрди түзөт.

Президенттин үй-бүлөсү аталган үйдү үстүбүздөгү жылдын сентябрында Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берген болчу.

«МИК бул турак үйдү аукционго койсо, анда бул акчага жеңилдетилген ипотекалык насыялоо программасынын алкагында 10 үй-бүлөнү батир менен камсыз кылууга болот»,— деп билдирген ошондо Жапаров.

Президенттин айтымында, аталган үйдү үй-бүлөсү 2005-жылы эле сатып алган. Кийинчерээк, 2010-жылдары башка жакка көчүп кетишип, үй ошол убактан бери бала бакча катары иштеп келген.

Тема боюнча: «10 үй-бүлөнү үй менен камсыз кылууга болот». Президент үйүн мамипотекалык компанияга берди