Кадамжайда ишкерлердин колдоосу менен улуттук ат майдан курула баштады

Сүрөт: Баткен облустук администрациясы

Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнө жеке ишкерлер улуттук ат майданын куруп бермей болду. Бул тууралуу «Клоопко» Баткен облусунун спорт комитетинин төрагасы Кубанычбек Сайкалов билдирди.

Сайкалов ипподромду куруу демилгеси Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына таандык экенин айтып, «Халмион» базарынын жетекчиси, жеке ишкер Өмүрбек Разыков чыгымдарды баштан-аяк өзү каржылай турганын билдирди.

Анын айтымында, тийешелүү кызмат курулуш иштери толук бүткөрүлгөндө ипподромду мамлекеттин карамагына толук өткөрүп алат.

Жеке ишкердин жубайы Суита Акматова «Клоопко» маалымдагандай, курулуш иштерин толук беш жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда. Акматова ат майданын курууга жергиликтүү бийлик 5 гектар жер бөлүп бергенин кошумчалады.

8-майда Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндөгү улуттук ат майданынын курулушун баштоо үчүн капсула салган. Анда Алимбаев жаңы курулуп жаткан ат майдан ынтымакты, биримдикти бекемдеген аянтча болоорун белгилеген.

Аталган иш-чарага дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле, ат майдандын курулушуна колдоо көрсөткөн маркум Умсунай Эркинбаеванын жакындары жана жергиликтүүлөр катышышты. Эркинбаева көзү барда ишкерлик менен алектенген..

Буга чейин Баткен облусу боюнча стандартка туура келген ат оюндары өтүүчү ипподром курулган эмес. Баткен шаарында ат оюндарын өткөрүүчү үчүн кичи майдан гана бар.