Кадамжайда жайыт жерди мыйзамсыз трансформациялоо фактысы аныкталды

Сүрөт: УКМК

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткен облусунун Кадамжай районунун акиминин буйругунун негизинде 34,5 гектар жайыт жери калктуу конуштар категориясына мыйзамсыз которулганын билдирди.

Акимдин 2016-жылы чыгарган буйругунун негизинде Халмион айыл өкмөтү тарабынан 2016-жылдан 2021-жылга чейин жеке турак жай куруу үчүн Ирелеш конушунан 50 жер тилкеси жеке менчикке бөлүнүп берилген.

Ал эми «Кадастр» мамлекеттик мекемеси бул тилкелерге мамлекеттик актыларды берген. Анткен менен «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик институтунун маалыматы боюнча Ирелеш айылындагы 14,5 гектар жер жайыт болуп саналат.

УКМК белгилегендей, Жер кодексинин 20-беренесинин 12-пунктуна ылайык айыл чарба багытындагы жерлерди башка категорияларга которуу өкмөтүнүн компетенциясына кирет.

Мындан улам атайын кызмат 2022-жылдын 18-мартында «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Буга чейин Баткен облустук прокуратурасы Баткен шаардык мэриясы жеке менчикке мыйзамсыз берген 5 жана 0,15 гектар жерди мамлекеттин карамагына кайтарылган.

Маалыматка ылайык, мэрия 2005-жылы муниципалдык жерди эки тургунга мыйзамсыз бөлүп берген — «К.С.» аттуу киши беш ал эми «К.А.» атуу адам 0,15 гектар жерге ээ болгон. Мыйзамсыз берилген жердин баасы 2 млн 900 миң сомду түзгөн.

Мындан сырткары Ош облусунун Кара-Суу районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 127 гектар айыл чарба багытындагы жер мамлекетке кайтарылган болчу.

Маалыматка ылайык, Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги мамлекетке караштуу жер 2016-жылы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жеке менчикке чыгарылган. Жердин жалпы наркы 320 миллион сомду түзгөн.