Баткен шаарында менчикке мыйзамсыз өткөрүлгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

Баткен шаары: Сүрөт: Башкы прокуратура

Баткен облустук прокуратурасы Баткен шаардык мэриясы жеке менчикке мыйзамсыз берген 5 жана 0, 15 гектар жерди мамлекеттин карамагына кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 4-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, мэрия 2005-жылы муниципалдык жерди эки тургунга мыйзамсыз бөлүп берген — «К.С.» аттуу киши беш ал эми «К.А.» атуу адам 0,15 гектар жерге ээ болгон. Мыйзамсыз берилген жердин баасы 2 млн 900 миң сомду түзөт.

«Көзөмөл орган жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ал эми сот прокуратуранын арызын толугу менен канааттандырып, жер тилкелери мэриянын балансына кайтарылды», — деп айтылат көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

Буга чейин Ош облусунун Кара-Суу районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен 127 гектар айыл чарба багытындагы жер мамлекетке кайтарылган болчу.

Маалыматка ылайык, Шарк айыл аймагынын Ачы массивиндеги мамлекетке караштуу жер 2016-жылы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын жоопту кызматкерлери тарабынан жеке менчикке чыгарылган. Жердин жалпы наркы 320 миллион сомду түзгөн.

Тема боюнча:

Ысык-Көл: Наркы 100 миллион сомго тете жер мамлекетке кайтарылды

Ош прокуратурасы мэрия тарабынан мыйзамсыз сатылган жерди кайтарды