Бириккен демократиялык кыймылы «Бакиевдерди реабилитациялоо аракеттери» болуп жатканын айтты

Бириккен демократиялык кылмылы президент Садыр Жапаровдун коррупцияга шектелген Алексей Ширшовдун бошотулушу боюнча Фейсбукка чыгарган билдирүүсүнө нааразычылыгын билдирди.

Кыймыл президент Алексей Ширшовдун Кыргызстанга кайтып келгендиги тууралуу ачыктан-ачык калп айтып, Ширшовдун кармалышына жана анын үй камагына чыгарылышына байланыштуу УКМК уюштурган афёраны калкалап жатат деп эсептейт.

«[...] Жапаров Ширшов кылмыш жоопкерчилигине тартылбаганын, издөөдө жүрбөгөнүн айтып, коомчулукту атайылап адаштырган. Ширшов, айрыкча Максим Бакиевдин жакын адамы катары [...] менчиктештирүү учурундагы коррупциялык схемаларды уюштуруу фактылары боюнча көптөгөн кылмыш иштеринде жана сот өкүмдөрүндө кездешет [...]», — деп айтылат билдирүүдө.

Оппозициянын өкүлдөрү Алексей Ширшов жасаган кылмыштарынын жазасын алышы керек, ал эми анын бийлик менен келишип алуусу акталуусуна негиз болбошу керек деп эсептешет.

«Бакиевдерге карата аяктаган кылмыш иштерге байланыштуу укук коргоо, сот органдарынын иш-аракеттери, биз тарабынан аларды реабилитациялоо жана кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү кайтарып берүү аракеттери катары бааланат. Президент тарабынан аларды ачык колдоосу, алардын таасири күчөп баратканын жана балким, Жапаров “бакиев заманын” калыбына келтирүүгө жеке кызыктар экенин көрсөтөт. Ал эми анын эжеси Райкүл Жапарова Максим Бакиевдин коррупциялык схемаларына, рейдерлик аракеттерине катышканы эч кимге жашыруун эмес […]», — деп жазды кыймыл.

Бакиевдердин үй бүлөөсү.

Тема боюнча: Жогорку сот президенттин эжеси Райкүл Жапарованын өкүмүн жокко чыгарды — Башкы прокуратура

Алардын айтымында, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров Ширшовго карата «түздөн-түз Максим Бакиевге тийиштиги бар» төрт кылмыш иши козголгонун тастыктап бере алат.

«Бекназаров [Ширшовго] кылмыш иштери тергөө тарабынан аягына чыгып, сотко жөнөтүлгөнүн тастыктай алат. [...] Ал Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары болуп туруп, жарандарга расмий кайрылуусунда Ширшовго сырттан айып тагылганын жана издөө жарыяланганын айткан. Бекназаров, жок дегенде өз намысы, мыйзамдуулук үчүн Бакиевдерге, анын ичинде Ширшовго, Райкүл Жапаровага тагылган айыптардын баарын тастыктайт деп ишенебиз», — деп айтылат кыймылдын билдирүүсүндө.

Кыймыл Башкы прокуратуранын маалыматына таянып, Ширшовго 2010-жылдын сентябрында Казакстанда, Орусияда жана Интерпол аркылуу издөө жарыляланганын эске салды.

«Бүгүнкү күндө Ширшовдун жаза мөөнөтүн өтөбөй, издөөдө жүргөндөрдүн тизмесинен чыгарылганы тууралуу коомчулукка калыс маалымат берүү керекпи? Буга УКМКнын, ИИМдин, прокуратуранын, ошондой эле соттордун чоң кызматтагы өкүлдөрүнүн тиешеси бар экенин жокко чыгарбайбыз. Эгерде алардын ишинде президент айткандай жашыруун эч нерсе болбосо, Ширшовго карата кабыл алынган бардык актылар, документтер ачык жарыяланышы керек», — деп эсептешет оппозициянын өкүлдөрү.

Билдирүүдө Курманбек Бакиевдин жана анын бир туугандарынын жакындарына жана тарапташтарына катталган коттеждерди текшериш керек деп айтылат. Оппозиционерлердин айтымында, Бакиевдердин жана алардын айланасындагы улутташтырылган башка мүлктөрдүн тагдырын коомчулук билиши керек.

«Президенттин Ширшов Максим Бакиев тоноп кеткен 200 миллион доллары кайда экенин көрсөтүүгө даяр деген сөздөрү болбогон кеп. Эгер Ширшов чындап эле алардын кайда экенин билсе, анда [...] ал коррупциялык схемалардын шериги болуп, кылмышка шериктеш катары кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек. Мамлекеттин Бакиевдер уурдаган каражаттарды, мүлктөрдү аныктап, өлкөгө кайтаруу боюнча чараларды көрүүгө өзүнүн дагы мүмкүнчүлүктөру бар», — деп эсептейт кыймыл.

Ширшовдун кармалып, андан соң үй камагына чыгарылышы

10-майда «Дастан» Транс улуттук корпорациясынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалып, ошол эле күнү кайра үй камагына чыгарылган.

Көп өтпөй президент Садыр Жапаров Фейсбук барагына Ширшов менен 6-7 ай мурда жолукканын жазган. Өлкө башчысынын айтымында, Ширшов тергөө менен кызматташып жатканы үчүн үй камагына чыгарылган, себеби ал 2010-жылы убактылуу өкмөттүн кайсыл мүчөлөрү Максим Бакиевдин [тактан кулатылган президенттин уулу] мүлктөрүнө ээлик кылып алганын, анын ичинде мамлекетке өткөрүп бербестен «Аврора плюс» пансионатына ким ээлик кылып алганын айтып берген.

Президент Ширшовго кылмыш иштери козголбогонун жана ага издөө жарыяланбаганын дагы айткан.

Ширшов Кыргызстандын энергетика тармагынын «көмүскө кардиналы» деп эсептелчү. Ал мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөнү белгилүү.

Ширшовду электр энергиясын «өлүү жандарга» жаздыруу жана тендерлерди «өз кишилерине» уттуруу сыяктуу энергетикалык тармактагы коррупциялык схемалардын автору деп аташат. «Ширшовдун коррупциялык схемалары» бүгүнкү күнгө чейин дагы иштеп жатканы айтылып келет.

Тема боюнча окуңуз: Садыр Жапаров: Максим Бакиевди «башыңан ылдый алтын куябыз» деп чакырсаңар да келбейт

«Коррупция менен күрөш ушулбу?». Жанар Акаев Ширшовдун үй камагына коё берилгенин сындады