Жогорку сот президенттин эжеси Райкүл Жапарованын өкүмүн жокко чыгарды — Башкы прокуратура

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 5-февраль күнү басма сөз жыйында Жогорку сот президент Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапаровага карата өкүмдү жокко чыгарганын билдирди.

Анын айтымында, сот өкүмдү жокко чыгаргандыктан Башкы прокуратура аны кармоо үчүн өлкөгө экстрадиция кылып алып келүү ишин жасабайт. Аны менен бирге Жапаровага карата издөө чарасы дагы алынды.

«2021-жылдын 25-январында Жогорку сот буга чейин Райкүл Жапаровага айып тагуу боюнча кабыл алынган чечимди жокко чыгарды. Баш коргоо чарасы дагы өзгөртүлдү. Ал буга чейин издөөгө жарыяланган болчу. Жанымда соттун токтому жок. Эгер чечим жокко чыгарылса, демек Райкүл Жапарованы экстрадициялоого зарылчылык жок деп эсептейм», — деп келтирет Зулушевдин айткандарын 24.kg басылмасы.

Бул маалыматты «Клоопко» Жогорку соттун басма сөз кызматынан дагы тастыктап беришти. Соттон иш адвокаттардын «кылмыш ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча жандантуу жөнүндө» арызы боюнча Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдиришти.

Райкүл Жапарованын иши

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 22-майда Польшадан Райкүл Жапарова кармалып, учурда Башкы прокуратура тарабынан аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралып жатканын маалымдаган.

Ошондой эле ИИМ Жапарова Кылмыш-жаза кодексинин «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу», «Алдамчылык» жана «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен күнөлүү деп табылып, мал-мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылганын кабарлаган. Ал эми эл аралык издөөгө үстүбүздөгү жылдын февраль айында жарыяланган.

Райкүл Жапарова учурунда «Ысык-Көл» банкынын төрайымы болгон. Банктын мурдагы төрагасы Болот Байкожоев банк рейдерлик жол менен тартып алынганы тууралуу арыз менен башкы прокуратурага кайрылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, банкты мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев тартып алган. Жапарова банктын төрайымдык кызматын Бакиев аны рейдерлик жол менен басып алгандан кийин аркалай баштаган.

2010-жылдагы төңкөрүштөн соң Бакиевдер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана рейдерлик басып алуу тууралуу Башкы прокуратурага кабарланып, кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Райкүл Жапарова учурда президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси.