«Коррупция менен күрөш ушулбу?». Жанар Акаев Ширшовдун үй камагына коё берилгенин сындады

Депутат Жанар Акаев «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов жарым сутка камалып, үй камагына чыгарылганын сынга алды. Ал мындай пикирин Жогорку Кеңештин 11-майдагы жыйынында билдирди.

«Ширшов деген фамилия — бул коррупциялык схема деген сөздүн синоними. Ошондой киши акыркы бир жылдан бери Кыргызстанга Интерполдун издөөсүндө жүргөнүнө карабастан, Кыргызстандын күч органдарынын издөөсүнө карабастан өлкөгө кенен-кесир кирип жүргөн […] Эмне, Кыргызстанда коррупция менен күрөш ушулбу? Эмне, Ширшовдун схемалары Кыргызстанда кайрадан иштеп баштадыбы?» — деп суроо салды Акаев.

Эл өкүлү Чек ара кызматына 29-апрелде Ширшов боюнча бир нече суроолор камтылган кат жибергенин айтып, азыркы күнгө чейин жооп ала албаганына нааразы болду. Анда Ширшовдун Кыргызстанга соңку бир жыл ичинде канча жолу кирип чыкканын, эмнеге суракка чакырылбаганы тууралуу суроолор коюлганын белгиледи.

Акаев Чек ара кызматы маалыматты атайлап «жашырып», «ортого адамдарды салып жатат» деп кошумчалады.

УКМК «Дастан» Транс улуттук корпорациясынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшовду коррупцияга шектеп 10-майда кармаган. Бирок атайын кызматтын өтүнүчү менен Биринчи май райондук соту 11-майга караган түнү Ширшовду 26-майга чейин үй камагына чыгарды.

Алексей Ширшовдун кармалышы

УКМКнын версиясы боюнча, Ширшов Ысык-Көл облусундагы «Аврора Плюс» эс алуу борборунун аймагындагы 56 кымбат баалуу батирди жана 27 коттежди мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири болгон.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бул схемага Ысык-Көл райондук жана облустук сотторунун, Жогорку соттун судьяларын, ошондой эле Президенттин аппаратынын, мамлекеттик Мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары тартылган.

УКМК Ширшов камакка алынганын маалымдаганда ал кайсыл жерден кармалганын тактаган эмес. Ширшов 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып чыгып, Интерпол тарабынан издөөгө алынган.

Энергетикалык тармактын «көмүскө кардиналы»

Ширшов Кыргызстандын энергетика тармагынын «көмүскө кардиналы» деп эсептелчү. Ал мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөнү белгилүү.

Ширшов Кыргызстандын энергетика тармагынын «көмүскө кардиналы» деп эсептелчү. Ал мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөнү белгилүү. Ширшов электр энергиясын «өлүү жандарга» жаздыруу жана энергетика тармагындагы тендерлерди «өз кишилери» утуп чыккан коррупциялык схемалардын автору деп аташат. «Ширшовдун коррупциялык схемалары» бүгүнкү күндө да иштеп жатканы айтылып келет.

Ширшов 2007-жылга чейин «Түндүкэлектрдин» жана «Электр станцияларынын» каржылык директору, андан соң 2007-жылдан 2010-жылга чейин «Дастан» ТУК ААКнын башкармалыгынын төрагасы болгон.

Ширшов Максим Бакиевдин эң жакын досторунун бири деп саналган. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. 2019-жылы Бишкек ЖЭБин модерницазиялоодогу коррупциялык иш боюнча УКМКнын тапшырмасы менен Латвияда сурак берген.