Садыр Жапаров: Максим Бакиевди «башыңан ылдый алтын куябыз» деп чакырсаңар да келбейт

Ширшов/Жапаров/Бакиев. Коллаж: Kloop

Президент Садыр Жапаров коррупцияга айыпталып кармалган Алексей Ширшовдун үй камагына чыгарылганына карата айтылган сындарга Фейсбук барагында жооп берди.

Жапаровдун айтымында, 6-7 ай мурда Ширшов президентке кайрылып, Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты тапканын билдирип, өлкө башчысынан кабыл алууну суранган.

«Ал издөөдө да, кантип кабыл алам дедим. “Кыргызстанда бекен” десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Мен дароо башпрокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине 2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле деп тапшырма бердим», — дейт Жапаров.

Президент текшерүүнүн жыйынтыгында ушул күнгө чейин Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун, издөө жарыяланбаганын билгенин айтты. Өлкө башчысы Убактылуу өкмөт Ширшовго «иш козгобогондон кийин» аны кабыл алууну чечкенин билдирди.

«2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте олтурган чоңдордун аты-жөндөрүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде “Аврора плюс” пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн, талап-тоноп алгандарын, кайсы туугандарына каттатып алгандарына чейин айтып берди», — деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Жапаров ошол эле күнү УКМКга «баарын дыкат териштирип, пансионаттагы коттеждерди, батирлердин баарын мамлекеттин эсебине алгыла» деген тапшырма бергенин кошумчалады.

«Коттеждер менен батирлер жөнөкөй же арзан коттеждерден эмес. 27 коттеж, 69 батир бар экен. Бир коттеждин баасы 300 миң доллардын тегерегинде болсо, батирлердин ар бири 100 миң доллардын тегерегинде экен. Бул жалаң чоңдор талап-тоноп алган коттеждер, арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар», — дейт президент Садыр Жапаров.

Президент УКМК жакын арада коттеждердин ээлеринин аты-жөнүн жарыялап, ишти сотко жиберет деп ишендирди. Анын айтымында, «чоңдор талап алган Максимдин мүлкү мамлекетке өтүшү керек!».

Ошондой эле президент Ширшовдун өзүнө тиешелүү «Дастан трансулуттук корпорациясы» ААКсы мамлекетке 100% өтүп, «киреше берип жатат» деп ишендирди.

Ал эми Максим Бакиев чыгарып кеткен акчалар кайда экенин билгендер менен кызматташууга даяр экенин айтып, «камабайбыз» деп убада берди.

«Мага биринчи кезекте мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы жогору турат, башкасы кызыктырбайт! “Оппозиция эмне дейт, НПОчулар эмне дейт?” деп кылчактап олтурбайбыз, алдыга жыла беребиз. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албаган анча-мынча акылдуулар акыл үйрөтпөй эле койсо. Ал эми “кийинчерээк Максим Бакиев да келет” деп ач айкырык салып жаткандарга көңүл бурбагыла. Максим Бакиевди “башыңан ылдый алтын куябыз” деп чакырсаңар да келбейт, ал анчалык акылсыз эмес», — деди Жапаров.

Ошондой эле Жапаров ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталганын айтып, иштин «60-70%ы бүтүп калды» деп ишендирди.

Алексей Ширшовдун кармалышы

УКМК 10-майда «Дастан трансулуттук корпорациясы» ААКсынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов кармалганын билдирген. Атайын кызмат Ширшов коррупцияга айыпталып жатканын айткан.

УКМКнын версиясы боюнча, Ширшов Ысык-Көл облусундагы «Аврора Плюс» эс алуу борборунун аймагындагы 56 кымбат баалуу батирди жана 27 коттежди мамлекеттин менчигинен чыгаруунун негизги уюштуруучуларынын бири болгон.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бул схемага Ысык-Көл райондук жана облустук сотторунун, Жогорку соттун судьяларын, ошондой эле Президенттин аппаратынын, Мамлекеттик мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары тартылган.

УКМК Ширшов камакка алынганын маалымдаганда ал кайсыл жерден кармалганын тактаган эмес. Анткен менен 11-майда Ширшов атайын кызматтын өтүнүчү менен Биринчи май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылды.

Ширшов 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып чыгып, Интерпол тарабынан издөөгө алынган. 2010-жылдын июнунда Убактылуу өкмөт Ширшовдун кайсыл жерде экени тууралуу маалымат үчүн 100 миң доллар төлөөгө да даяр болгон.

Ширшов Кыргызстандын энергетика тармагынын «көмүскө кардиналы» деп эсептелчү. Ал мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөнү белгилүү.

Ширшов электр энергиясын «өлүү жандарга» жаздыруу жана энергетика тармагындагы тендерлерди «өз кишилери» утуп чыккан коррупциялык схемалардын автору деп аташат. «Ширшовдун коррупциялык схемалары» бүгүнкү күндө да иштеп жатканы айтылып келет.

Ширшов Максим Бакиевдин эң жакын досторунун бири деп саналган. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. 2019-жылы Бишкек ЖЭБин модерницазиялоодогу коррупциялык иш боюнча УКМКнын тапшырмасы менен Латвияда сурак берген.

Максим Бакиев

Максим Бакиев — 2010-жылы апрелде тактан кулатылган Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиевдин уулу. Бийлик алмашкандан кийин ал Кыргызстандагы финансылык алдамчылык үчүн айыпталып, мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан 25 жылга соттолгон.

Буга чейин Максим Бакиевдин мурдагы каржы кеңешчиси Евгений Гуревич «Азаттык» үналгысына маек куруп, Бакиевдердин коррупциялык схемасын, Кыргызстандан 200-300 миллион каражатты кандай жол менен чыгарып кеткенин документтер менен такстыктап берерин айткан.

Жалпысынан, Бакиев, анын туугандары жана башка жакын адамдары төмөнкү кылмыштарга айыпталган:

  • «Жерүй» алтын кенин иштетүүдөгү жана аны үчүнчү тарапка сатуудагы өзгөчө артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу;
  • «Азия универсал банктан» жана Кыргызстандын Социалдык фондунан 2 млрд сомдон ашык акчаны менчиктеп алуу;
  • «Ысык-Көл» компаниясынын 20% акциясын сатууга мажбурлоо;
  • Максим Бакиев жана ага жакын адамдардын Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан «Учкун» басмаканасынын жанындагы 904,6 м² имаратты жана 0,385 га жерди мыйзамсыз менчиктеп алуулары;
  • «Азия универсал банк» жана Кыргызинвестбанк аркылуу арам акчаны адалдаганы;
  • «Манас Банк», «Киммел», «Мавал Актив» компаниялары аркылуу чет элдик жарандардын кылмыштуу жол менен табылган арам акчасын адалдаганы;
  • 2010-жылы 7-апрелде Бишкектин Ала-Тоо аянтында нааразылык митингине чыккан адамдарга ок атып өлтүргөнү.

Президенттик шайлоонун алдындагы теледебатта УКМКнын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев Жапаровдун командасында качкын президент «Курманбек Бакиевдин уулу Максим жана иниси Жаныш Бакиевдердин адамдары жүрөт» деп айткан.

Сегизбаев премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артём Новиков Максим Бакиевдин апасынын курбусунун баласы деп билдирген. Ошондой эле, ал Садыр Жапаровдун президенттик шайлоодогу ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин — Максим Бакиевдин юристи экенин белгилеген.

Учурда Максим Бакиев Улуу Британияда жашайт — анын Суррей графтыгында, беш млн долларлык хан сарайы бар.