Ош менен Баткенде сел жүрүп, турак жайлар менен унаа жолдорду сел суулары каптады

12-майга карган түнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош шаарында, Ош облусунун Кара-Суу жана Баткен облусунун Кадамжай райондорунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын 223-кварталында кырсыктын кесепетинен сел өтүүчү каналдын 200 метр жээгин сел алып кеткен. Мындан сырткары, жакын жайгашкан 2 турак үйдү сел суулары каптаган.

Куткаруучулардын жардамы менен суу кирген турак үйлөр тазаланды. Ушул тапта Ош шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттары менен калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ош облусунун Кара-Суу районунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 12 турак үй, мектеп, бала бакча жана медициналык борбордун короосун суу каптады.

Кара-Суу районунда катталган сел. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматымын.

Мекемеден белгилешкендей, табият кырсыгы 11-майда кечки саат 22:00 чамасында башталган. Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолунун 4-6-7-чакырымында башталган селден Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек, Асан-Чек, Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылында, Нариман айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында турак үйлөр зыян тарткан.

Ошондой эле, ӨКМ 4 турак жайдын жертөлөсүнө суу кирип, 8 турак үйдүн короосун каптаганын белгиледи.

Кара-Суу районунда кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн атайын техника жана куткаруучулар иштеп жатат. Мындан сырткары, кырсыктын чыгымдары эсептелип жатат.

Ошондой эле кечээ, 11-май күнү саат 19:00 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн Өтүкчү айылында сел жүргөн.

Кадамжай. Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы.

Сел суулары Ак-Турпак айыл аймагынын Өтүкчү айылында 28 үйдүн короосун, ички чарбалык арыкты, чарбалык жолду каптаган.

Ал эми Майдан айыл аймагынын Сары-Алтын айылында турак үйлөрдүн короосун, мектепти, айыл аймактын имаратын сел каптап, жеңил унааны агызып кеткен.

Бак айылында турак үйлөрдүн короосун каптаган. Орозбеков айыл аймагындагы Учкун, Бостон, Кара-Кечүү, Больничная, Жоокесек-Коргон тилкелеринде 6 даана бетон шакекче көпүрөлөрдү агызып кеткен. Мындан сырткары, 250 метр ички чарбалык унаа жолун бузган.

Учурда сел катталган аймакка ӨКМдин Кадамжай райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылып, селдин кесепетинен келип чыккан жалпы чыгымдар такталууда.