«“Кумтөр” биздики». Бөлтүрүк келишимдин түзүлүшүнө Жапаров менен Акаевдин салымы бар деди

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк «Кумтөр» боюнча Centerra Gold Inc менен кол коюлган келишим тууралуу айтып берди.

Бул Бөлтүрүктүн «Кумтөр голд компани» Жабык акционердик коому Кыргызстанга өткөндөн берки алгачкы интервьюсу.

Бөлтүрүк келишимге президент Садыр Жапаровдун саясий эркинин арты менен кол коюлганын билдирди.

«Ал [Садыр Жапаров] “Кумтөрдү алабыз” деди. Директорлор кеңешинде жүрүп Centerra менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө бул ниетимди мен дагы жашырган эмесмин. Ажырашабыз деп түз эле айткам. Алар [Centerra] зыяндан башка эч нерсе кылышкан жок, чыдап жүрө берген болбойт эле. Алар башка жол жок экенин, жарашпай турганыбызды билишчү», — деди Бөлтүрүк.

Бөлтүрүк Centerra эски коррупциялык схемалары менен байланыштарын ортого салууга, ошондой эле «биздин имиджге таасир этүүгө аракет кылганын, бирок биз аягына чейин барып, саясий эркибизди көрсөттүк» деп белгиледи.

Бөлтүрүктүн айтымында, бозгун президент Аскар Акаевдин «Кумтөрдөгү» коррупциялык схемаларга өзү, уулу жана туугандары аралашканын моюнга алганы дагы иштин жыйынтыгына таасир эткен.

Тема боюнча: Кумтөрдө 2021-жылы 14,5 тонна алдын өндүрүлдү. Тенгиз Бөлтүрүк минкабга отчёт берди

«Андан кийин “Центерра” дароо башкача сүйлөй баштады. Кылмыш иштериндеги өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрдү ачык көрсөткөндө, биз менен мурдагыдай эски ыкмалар менен сүйлөшүп алууга болбосун түшүнүшкөндө баары өз ордуна келди. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын саясий айдыңына пара албаган абийирдүү саясатчылар жетиштүү эле пайда болду. Ал эми президент менен бийлик “Кумтөр биздики, ал биздин экономикага гана иштеши керек” деген так жана принципиалдуу позицияны карманып жатышат», — деп жыйынтыктады сөзүн Бөлтүрүк.

«Кумтөр» боюнча келишим

Апрелдин башында минкаб жана Centerra Gold Inc. Кумтөр кенин Кыргызстанга өткөрүү боюнча баштапкы келишимге кол коюшкан. Келишимге ылайык, тараптар «Кумтөрдү» башкаруу боюнча талаш-тартыштарын жөнгө салышкан.

Минкаб жана Centerra келишим кол коюлгандан 90 күндөн кем эмес убакыттын ичинде жабылат деген үмүттө.

Тема боюнча:

«Кумтөрдүн» тагдыры Кыргызстандын колунда. «Центерра» менен макулдашуунун оош-кыйышы

Лондон бирикмеси «Кыргызалтынга» ишенимдүү жеткирүүчү макамын кайтарып берди