Лондон бирикмеси «Кыргызалтынга» ишенимдүү жеткирүүчү макамын кайтарып берди

Лондон баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) «Кыргызалтын» ишканасынын алтын аффинаждоочу заводуна «ишенимдүү жеткирүүчү» (good delivery) макамын кайтарды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул статустун кайтарылышы менен «Кыргызалтын» ишканасы өндүргөн алтын куймаларын дүйнөнүн башка ири базарларына сатууга мүмкүнчүлүк алат.

«Бул чечим оңой болгон жок. [...] Биз дүйнөлүк рынокко алтын жана күмүштү ишенимдүү жеткирүүчү катары LBMA рамкасындагы мойнубузга алган милдеттенмелерибизге бекем берилгендигибизди далилдей алдык. “Кыргызалтын” ААКтын аффинаждык заводу мындан ары да LBMAдагы бардык милдеттенмелерин толук аткарат деп ишенем», — деди минкабдын башчысы Акылбек Жапаров.

«Кыргызалтын» ишканасынын өкүлдөрү LBMA’нын аткаруучу директору Рут Кроуэл менен жолугушууда. Сүрөт: «Кыргызалтын» 

Министрлер кабинетинин билдирүүсүнө ылайык, мындан ары «Кыргызалтын» 2021-жылдын 17-сентябрынан тарта өндүргөн алтын куймаларын ири базарларга тоскоолдуксуз сата алат.

Минкабдын төрагасы LBMA кабыл алган чечим «президенттин командасынын адилет саясатын дагы бир таануу болуп саналат» деген пикирин айтты.

«Биз элибиздин кызыкчылыгы үчүн жеңишке жетүү менен гана чектелбестен, аны биринчи күндөн тартып эле убада кылгандай бардык эл аралык жана укуктук милдеттенмелерди толук сактоо менен аткара алдык», — деди Акылбек Жапаров.

«Ишенимдүү жеткирүүчү» макамы качан алынган?

«Кыргызалтын» өндүргөн алтын куймалары.

Лондон балуу металлдар базарынын бирикмеси 2021-жылдын сентябрь айында «Кыргызалтын» ишканасынын алтын аффинаждоочу заводун «ишенимдүү жеткирүүчү» макамынан ажыраткан.

Ассоциациянын сайтында бул чечим жоопкерчиликтүү камсыздоо программасынын талаптары сакталбагандыктан кабыл алынганы айтылган.

«17-сентябрдан тартып заводдун бардык продукциялары мындан ары жакшы жеткирүү деп эсептелбейт», — деп белгилеген LBMA.

Ага дейре аталган бирикме «Кыргызалтынга» тагылган айыптоолор, «жеткирүү жана алдамчылыкка байланыштуу» аракеттер боюнча иликтөө жүрүп жатканын билдирген.

Анда Канаданын «Центерра Голд Инк» компаниясы «Кыргызалтынды» өлкө бийлигине жардам берүүдө деп айыптап, алдамчылык менен төлөм жүргүзүүгө аракет кылып жатканын билдирген.

Ал эми «Кыргызалтын» ишканасы канадалык компаниянын бардык айыптоолорун четке кагып, күнөө коюудан алыс болууга чакырган.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын башында Кыргызстан Канаданын «Центерра Голд Инк» компаниясы менен макулдашууга кол коюшкан. Ага ылайык, «Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганы» жарыяланган.

Тема боюнча:

Жапаров «Кыргызалтындын» Лондон ассоциациясынан чыгарылганы убактылуу экенин айтты