УКМК кыргыз жаранынын Украинадагы согушка катышканы боюнча кылмыш ишин козгоду

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өткөн жылы Украинага эмгек миграцияга чыгып кеткен кыргыз жараны учурда согуштук аракеттерге катышып жатканы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кыргызстанын жараны социалдык тармактагы барагында сүрөт-видео чыгарып Украиндагы согушту активдүү чагылдырып турган. Атайын кызмат, жарандын өздүгүн аныктап, тергөө иштерин баштады.

Аталган факт «Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышканы же террористтик акт жасоого даярдыгы» беренеси боюнча каттылды.

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов атайын кызмат кабарлаган кыргызстандык тууралуу аларда дагы толук мааламаттары болгонун кабарлады. Анын айтымында, аталган жаран эвакуация башталганда Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан.

«Эвакуациялык иш-чаралар башталгандан тартып, элчилик ага Кыргызстанга бекер кетүүсүнө жардам берүүгө даяр жана аскердик иш-аракеттерге катышпоо керек экендигин бир нече ирет айтып, эскерткен. Бирок, ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан», — деди Кадыркулов.

Ошондой эле элчи кыргыз жараны аймактык күзөт кызматында санитарларга жардам берип жүргөндүгү тууралуу маалымат бар болгонун айтты. Ал бул тууралуу Кыргызстандын тийиштүү органдарына ошол замат кабар берилгенин кошумчалады.

Атайын кызмат бул багытта профилактикалык иштерди жүргүзүүнү улантып жатканын, өлкөнүн чегинен тышкары куралдуу операцияларга катышкандарга Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертти.

Орус аскерлери Украинанын аймагына 24-февралда бастырып кирип, чабуул жасаган. Ошол күндөн тартып согуштук аракеттер уланып жатат. Бул убакыт аралыгында Украинадагы согушта Кырыгызстанда туулуп-өскөн 3 киши каза тапты.