Украиналык Kalush Orchestra тобу Евровидение музыкалык сынагын жеңди

«Евровидение-2022» эл аралык музыкалык сынагында украиналык Kalush Orchestra тобу жеңүүчү аталды.

Букмекерлер Kalush Orchestra тобу тандоо сынагын жеңгенден кийин украиналыктарды фавориттердин бири деп эсептешкен эле.

Финалда калыстар добуш бергенден кийин алар ТОП-5ке киришти — Улуу Британиянын ырчысы Сэм Райдер биринчи, швециялык Корнелия Якобс экинчи, испанинялык Шанель — үчүнчү. Ал эми төртүнчү сапта — украиналык Kalush Orchestra тобу келе жаткан.

ТОП-3

Көрүүчүлөрдүн добушу баарын өзгөртүп жиберди.

Өлкөлөр добуш бергенден кийинки орундар

Көрүүчүлөрдүн добуштары Евровидение сынагынын жыйынтыгына өтө зор таасир этти. Мисалы, молдовалык Zdob și Zdub тобу калыстардын чечими менен болгону 14 балл чогулткан. Бирок топтуп шаңдуу номери көрүүчүлөрдүн купулуна толуп — 239 добуш алып, акыркы ондуктан молдова биринчи ондукка өттү.

Көрүүчүлөрдүн көпчүлүк добушуна сербиялык ырчы Konstrakta да ээ болду — анын ыры менен клиби да (Kalush Orchestra тобу жана британиялык катышуучунун ырларындай эле) үзгүлтүксүз түрдө көптөгөн көрүүлөрдү чогулта алды. Калыстардын чечими менен сербиялык ырчы айым 87 балл алса, дагы 225 добушту көрүүчүлөр берди. Ошентип Konstrakta ТОП-5ке кошула алды.

Көрүүчүлөр украиналык Kalush Orchestra тобуна 439 добуш беришти. Көрүүчүлөрдүн жана калыстардын добушун кошкондо украиналык музыканттар башка катышуучулардан ири эсепте алдыга чыгышты. Алар 631 баллга ээ болушту.

Көрүүчүлөр добуш бергенден кийинки орундар

Украинанын президенти Владимир Зеленский Kalush Orchestra тобун жеңиши менен куттуктады. Ал бир күнү«Евровидение» сынагы «эркин жана тынч Мариуроль» шаарында өтөт деп убадалады. Ал ошондой эле украиналыктар дүйнөнү таң калытырып, ал эми алардын музыкасы Европаны багындырып жатканын белгиледи.