ӨКМ Бишкектин четинде «асман шамдарын» учурууга тыюу салды

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин четинде «асман шамдарын» учурууга тыюу салды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМдин маалыматына ылайык, соцтүйүндөрдө «Асман шамдары» фестивалынын уюштуруучулары шаардын четине чыгып, кечинде эки миңден ашык шамды учурары тууралуу жарыя пайда болгон. Ведомстводон калаанын тургундары аталган шамдардын айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасиринен кабатырланып жатканын белгилешти.

«ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматы жаратылыш койнунда болуп жаткан өрт кырсыктарын эске алуу менен асманга аба шамдарын коё берүүнүн кооптуулугун маалымдайт. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалындаган ачык от менен асманга фонарларды учурууну колдонууга тыюу салат», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМден билдиришкендей, асман шамдары өрт чыгуу коркунучун жаратат.

«Асман шамдары үйдүн шыбына, кургак чөбү бар бастырмага, жыгач курулуштарына, тоо койнундагы токойлорго, май куюучу станцияларга жана башка өрт коопсуздугу бар объекттерге түшүшү мүмкүн», — деп кошумчалады министрликтен.

Мындан тышкары, министрликтен өрт коопсуздугун сактабагандарга Кылмыш-жаза кодексинде жоопкерчилик каралганын эскертти.