Түштүк Корея кыргызстандыктарды жумуш менен камсыздоого беш миң квота бөлдү

Түштүк Корея кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу үчүн Кыргызстанга беш миң квота бөлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сүрөт: Эмгек министрлиги.

Эмгек министрлигинен келишимге ведомствоунун башчысы Кудайберген Базарбаев менен Түштүк Кореянын Адам ресурстарын өнүктүрүү кызматынын президенти У Су Бонг кол койгонун билдиришти. Мекемеден документке президенттин миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жана чет өлкөлөрдө иштеген кыргызстандыктарга шарт түзүү жөнүндөгү жарлыгына ылайык кол коюлганын белгилешти.

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү Улуу Британияда айыл-чарба тармагындагы сезондук жумуштарга иштөө мүмкүнчүлүгүн түзгөн ушундай эле келишимге кол койгон. Ошондой эле 200гө жакын кыргызстандыкты Германияга жумушка мыйзамдуу орноштурууга мүмкүндүк берген Eduviso программасы менен келишимге кол койгон.

Жарандарды жумушка орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын расмий саны 1 миллион 118 миң кишини түзөт. Мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенет — 1 миллиондон ашуун жаран. Экинчи орунда Казакстан — 30 миң, үчүнкү орунда Түркия турат — 20 миң киши.