Ысык-Көл облусунда Лениндин бюсту орнотулган окуяны атайын комиссия текшерет

Лениндин бюсту.

Ысык-Көл облусунда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы мектептин короосуна Владимир Лениндин бюсту орнотулган окуянын мыйзамдуулугун аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлөт. Бул тууралуу «Клооптун» кабарчысына өлкө башчысынын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

«Комиссия аталган иш-чаранын мыйзамдуулугун карап чыгат. Мугалимдер [бюст орнотууну] өздөрү демилге кылганга укугу бар беле. Алар бүгүн иштеп баштайт», — деп айтышты облустук администрациядан.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов «Азаттыкка» курган маегинде Лениндин бюстун директор баштаган жамаат өз демилгеси менен орнотконун билдирди.

«Негизи бюст өзүм билемдик менен коюлбаш керек болчу. Комиссия түзүп, чечим кабыл алабыз. Анан ошого жараша иш кылабыз. Бюст коюларын эч ким билген эмес», — деди Сулайманов.

Лениндин бюсту 19-майда Кызыл-Суу айылындагы мектепке орнотулган. Ал майрамдык иш-чара менен коштолуп, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер, мектеп окуучулары жана ата-энелер катышкан. Кийинчерээк социалдык тармактардын айрым колдонуучулары мындай аракеттерди сынга алышкан.

Райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Максат Асанкожоев «Азаттыкка» бюст пионер кыймылынын 100 жылдыгына карата коюлган деп түшүндүргөн. Ал эми мектеп 22 жылдан бери Лениндин атын алып жүрөт. Ал жергиликтүү бюджеттен бюст орнотууга каражат бөлүнбөгөнүн белгилеген.

Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Турар Асаналиевдин айтымында, мектеп мугалимдери эски автобазанын жанындагы эски бюстту калыбына келтирип, мектептин короосуна орнотуу үчүн 500 сомдон чогултушкан. Мунун баарына жалпы алты миң сом кеткен.

Владимир Ильич Ленин атындагы бүткүл союздук пионер уюму 1922-жылдын 19-майында түзүлгөн. Ошондон бери 19-май Пионер күнү катары белгиленип келет.