Ат-Башыда чек ара жаңжалында окко учкан Эсентур Кубанычбек уулу атындагы сейил бак ачылды

Ат-Башы районунда 2021-жылы апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда каза болгон «Бөрү» атайын аскерлер отрядынын командиринин орун басары Эсентур Кубанычбек уулу атындагы сейил бак ачылды.

Иш-чарага президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Нарын ОИИБдин башчысы Алмазбек Жумабеков, райондун акиминин орун басары Болот Абдыжапаров жана аскер кызматынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алдында Эсентур Кубанычбек уулунун жакындары жана айылдаштары сөз сүйлөп, жоокерди эскеришти. Андан соң Баткендеги каргашада каза болгондорго багышталып куран окулду.

Эсентур туулуп өскөн Ак-Муз айылындагы сейил бакты ачууга жалпы 530 миң сом сарпталды. Каражаттын 200 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, калганын маркумдун бир туугандары жана жакын санаалаштары чогултуп беришти.

Ушул жылдын апрел айында Нарын шаарындагы «Жеңиш» паркына Эсентур Кубанычбек уулунун эстелиги тургузулган болчу.

Эсентур Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында туулган. Тажик аскерлери кол салган кезде 30 жашта болгон. Ал Нарындагы №2025 аскер бөлүгүнүн атайын даярдыктагы «Бөрү» аскерлер отрядынын командиринин орун басары болуп иштеген. Баткенге ишине байланыштуу 12-апрелде жөнөп кеткен.

Эсентур атасынан эрте ажыраган, ошол себептүү аны атасынын иниси Тилекбек Жумакеримов тарбиялаган. Ал агасынын уулун эскерип, аны «сыймыгым» жана «өз жеринин чыныгы мекенчил уулу» деп атаган.

Эсентурдун артында агасы менен карындашы калды. Агасы Амантур Кубанычбековдун айтымында, акыркы жолу иниси менен Эсентур аскерий аракеттер жүрүп жаткан аймакта жүргөн кезинде сүйлөшкөн. Телефондон Эсентур бир нече сааттан бери атышуу болуп жатканын айтып, кайра байланышка чыгууну убада кылган.

Чек арадагы жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрель күнү чыккан. Ал күнү эки өлкөнүн 100-150 жараны бири бирине таш ыргытышкан. Кыргызстандын чек ара кызматы чырдын чыгышына Көк-Таш айылындагы *«Головной» суу бөлүштүрүүчү жайында Тажикстандын жергиликтүү бийлиги тарабынан видео байкоочу камера орноткону себеп болгонун билдирген.

*«Головной» Төрткүл суу сактагычынын баш жагында жайгашкан. Суу сактагыч Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган. Анын көлөмү 90 млн кубду түзөт жана узундугу 5 км. Аталган суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң гектардан ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт.

1991-жылдагы Кыргызстан жана Тажикстан менен суу бөлүштүрүү келишимине ылайык, Төрткүл каналынын суусунун 37%ын Кыргызстан, ал эми 63%ын Тажикстан пайдаланат.

Тараптар 29-апрель кечке жуук саат 20:00дөн баштап кыргыз-тажик чек арасындагы ок атууну толугу менен токтотууга жана аскердик күчтөрдү мурунку турган абалына алып кетүүнү макулдашышкан. Бирок ага карабастан 30-апрелге Баткендин ыйгарым укуктуу өкүлү Лейлек районунун чек ара аймактарында маал-маалы менен ок атылып турганын билдирген.

Эки өлкөнүн ортосундагы жаңжалдан 36 кыргызстандык каза болуп, 170тен ашык адам жабыркаган. Тажикстандын расмий маалыматы боюнча каза тапкандардын саны 19, ал эми жаракат алгандардын саны 87ге жеткен.

2021-жылы 28-майда Садыр Жапаров Эсентур Кубанычбек уулуна «Эрдик» медалын ыйгарган. Ал «аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн» медаль менен сыйланган.