3 млн сом зыян. Сүлүктүдө милицонерлерге үч жыл айлык жана сый акы мыйзамсыз төлөнгөн

Сүлүктү Шаардык ички иштер бөлүмүнүн (ШИИБ) кызматкерлери мыйзамсыз аракеттери менен мамлекетке 3 млн сомдон ашык зыян келтиришкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Алсак, Баткен облустук прокуратурасы Сүлүктү ИИБнин каржы бөлүмүнүн башчысы 2019-2021-жылдар аралыгында өзүнө (2 млн 482 миң 586 сомду) жана башка кызматкерлерлерге (138 миң 77 сомду) тийиштүү айлык акысынан сырткары кошумча көбөйтүлгөн акыларды төлөгөнүн аныктады.

«Мындан сырткары, ШИИБдин жалданма жана жарандык персоналына жалпы 520 миң 393 сом мыйзамсыз төлөнүп берилген», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.