«Саясий өңүтү жок». Министрлик пионерлер күнү эмне себептен белгиленгенин түшүндүрдү

Билим берүү жана илим министрлиги апрелдин аягында өлкөнүн билим берүү мекемелерине Бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүнү тапшырганын тастыктады.

Министрликтен «Азаттык» үналгысына мааракени белгилөөнүн «саясий жана идеологиялык өңүтү жок экенин» жана советтик идеологияны даңазалоого багытталбаганын белгилешти.

«Иш-чара көбүнесе совет доорунда чоңойгон аталарыбызга жана баларыбызга багытталган, алар ошол доорду эскериши үчүн. Демилгени мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов колдогон. Тапшырма сунуш катары эле берилген», — деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Буга чейин 26-апрелде социалдык тармактарга аталган министрликтин мааракеге байланыштуу иш-чараларды уюштуруп өткөрүү тууралуу телефонограммасынын сүрөтү жарыяланган. Анда 19-майда Владимир Ленин атындагы Бүткүл союздук пионер уюмунун түптөлүшүнө 100 жыл болору айтылып, ага байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, ЖМКда чагылдыруу пландалып жатканы маалымдалган.

Билим берүү министрлигинин телефонограммасы. Сүрөт: «Азаттык»

«Жогоруда айтылгандарга байланыштуу министрлик пионердин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларды окуучулардын руханий-адеп ахлактык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоо максатында сүрөт конкурсун, дил баян жазуу, көргөзмө, мектеп параддарын, акцияларды жана флешмобдорду өткөрүүнү тапшырат», — деп айтылат билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова кол койгон документте.

Телефонограмма Бишкектин жана Оштун билим берүү башкармалыктарына, облустук билим берүү методикалык бөлүмдөргө жана институттарга, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө жөнөтүлгөн.

Жусупбекова өзү телефонограмманы министр Алмазбек Бейшеналиевдин макулдугу жок жибергенин билдирип, кечирим сураган. Ошондой эле ал иш-чара Бүткүл союздук пионерлердин 100 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча төрайымы Жаңыл Түмөнбаеванын кайрылуусунан улам уюштурулганын айткан.

«Арабызда ошол доорду башынан өткөргөн аталарыбыз, апаларыбыз бар. Алардын акыл-эсинен бул пионерлик доорду өчүрө албайбыз.

Башка учурдагы юбилейлик даталарды белгилеп келгенибиз сымал, бул датаны да эч кандай саясий, идеологиялык максаты жок эле белгилеп коюу үчүн жиберилген», — деп түшүндүрдү ал.

Буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы мектепке Лениндин бюстунун орнотулушу коомчулукта талаш-тартышты жараткан. Бюст 19-май күнү орнотулуп, пионер кыймылынын 100 жылдыгына карата салтанатуу иш-чаралар өткөрүлгөн. Ага райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мугалимдер, мектеп окуучулары жана жергиликтүү тургундар катышкан.

Социалдык тармактарда иш-чара сынга алынгандыктан, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү мектептин аймагында Лениндин бюстунун орнотулганын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн атайын комиссия түзгөн. Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Лениндин бюстун мектептин директору жана жамааты өз алдынча орноткон деп ишендирген.

Владимир Ильич Ленин атындагы Бүткүл союздук пионер уюму 1922-жылдын 19-майында түзүлгөн. Ошондон бери 19-май Пионер күнү катары белгиленип келет.