Сузакта мугалим окуучу кызды сабаганы боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү башталды

Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте мугалим окуучу кызды сабаган тасма тарады. Аталган факт боюнча милиция териштирүүнү баштады, ал эми билим берүү министрлиги атайын комиссия түздү.

Эмне болду?

25-майда Фейсбукта мугалим менен окуучу кыз айтыша кетип, андан соң окутуучу кызды сабаганы боюнча видеолор тарады.

Биринчи тартылган тасмада мугалим «жиндилер, сволочтор» деп сүйлөнүп жатканын көрүүгө болот. Ал учурда кыз «оозуңузга карап сүйлөңүз, өзүңүз сволочсуз» деп жооп кайтарган.

«Чекчейбе! Мен сени завучка алып барам азыр. Тур, бас! Э чекчеңдеген сволочь эй! Эмне чекеден жинди болуп калдыңарбы», — деп кыйкырган анда мугалим.

Ал учурда окуучу кыз мугалимге «кызыңызды тыйып алыңыз, менин жашоомо аралашпасын» деп айткан. Буга ачууланган мугалим «менин кызымды көрө албай жатасыңарбы» деп сүйлөнгөн.

«Сенин жашооңо эмне деп киришип жатат? Менин кызыма такыр сөз тийгизбегиле, уктуңарбы! Күйүгүп жатасыңарбы?! Жетип алгыла ошого [...] Жете албайсыңар, ошон үчүн күйүгүп жатасыңар да», — деген ал.

Окуучу кыз мугалимдин сөздөрүнө «күйүккөн жокпуз» деп жооп кайтарган. Ал эми экинчи тартылган видеодо мугалим окуучу отурган жерине келип аны сабай баштаган.

Мугалим «сен менин кызым теңсин, мен сенин апаң менен теңмин» деп окуучуну түртүп, анын башына, бет жагына катуу чапкылаган. Кыз качууга аракет кылганда анын артынан кууп жүрүп урган, башка окуучулар токтотуңуз деп суранганда көңүл бурган эмес.

Акыйкатчы менен министр эмне дейт?

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова окуяга дароо реакция билдирип, мугалим жана мектеп директору жоопко тартылышы керек деп жазды.

«Мектеп директору да жооп бериш керек, жетекчи катары мындай иш аракеттерди алдын ала токтотпой, балдарыбызды адам көрбөй, кыздарыбызга орой, теңсиз мамилени сиңиргендер — коомдо зордук-зомбулуктун түптөлүшүнө, күчөшүнө салым кошкондор. Мынчалык агрессия, мыкаачылык мугалимден — тарбияны, жашоого көз карашты калыптандырган, үлгүлүү болуучу адамдан болгону — чыккынчылык», — деди ал.

Ал эми билим министри Алмаз Бейшеналиев «кандай учур болбосун мугалим окуучуга кол көтөрбөшү керек болчу» деп билдирди.

«Ал жерде конкректтүү факт болуп жатпайбы — мугалимге кличка коюп жатат. Бул өтө ашынгандык. Окуучу мугалимге кличка коюусу — тарбиянын жаман чеги. Бирок кандай болгон учурда да, мугалим ата-энеси менен сүйлөшүп, мектеп администрациясы менен сүйлөшүп, жакшы жол менен чечиш керек болчу. Канчалык туура эмес болгон күндө да мугалимдерден суранарым: окуучуларга кол көтөрбөш керек», — деди министр.

Ошол эле учурда Бейшеналиев мугалимди ошондой деңгээлге жеткирген көрүнүштөр көп болуп жатканын айтып, буга үй-бүлөдө тарбия жакшы берилбей жатканы себеп болууда дейт.

Билим берүү жана илим министрлиги аталган окуяны иликтөө боюнча атайын комиссия түздү. Министрликтен бүгүн жеринде териштирүү иштери башталганын, жыйынтыгына жараша чара көрүлөрүн белгилешти.

Милиция: Окуучу мугалимге акаарат кылып кайым-каяша айтышкан

Жалал-Абад ОИИБден аталган окуя Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү жүрүп жатканын билдиришти. Ошондой эле мугалим суракка алынып, окуучуга соттук-медэкспертиза дайындалганын айтышты.

Маалыматка караганда, окуя 23-майда болгон. Кыз 7-класстын окуучусу болгон, мугалим информатикадан сабак берип жаткан.

Мугалим суракта окуя өзүнүн кызы менен окуучу «сөз талашып кеткенде» башталганын айткан. Анын сөзүндө, сабакта тынч отурууну талап кылганда окуучу кыз ага «орой сүйлөгөн».

Мугалим «ачууга алдырып аны бети-баш жактарына чапкылап, тарбиялык мааниде уруп жиберген болчум» деп билдирген.

Жалал-Абад ОИИБи тараткан пресс-релизинде «мугалим окуучуга кол көтөргөнгө чейин, окуучу ага акаарат кылып кайым-каяша айтышкан» деп белгиледи. Милиция окуучунун ушундай аракеттери мугалимдин кол көтөргөнүнө «себеп болгон» деп эсептейт.