Атамбаев Молдовановка айылындагы колонияга которулду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Буга чейин Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда кармалып келген. ЖАК бул колонияны бузууну чечкен.

30-мартта Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы президенттин уулу Сеидбек Атамбаев атасы башка абакка которулушу мүмкүн экенин билдирген. Эл өкүлү атасынын өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын дагы кошумчалаган.

«Анын [Атамбаевдин] өмүрүнө коркунуч бар. Эч качан Алмазбек Шаршенович өзүнүн өмүрүнө кол салбайт. Эгер башын сындырып алса, же тамакка какап өлүп калса, мен түзмө-түз ушул бийлик Атамбаевге кол көтөрдү деп эсептейм», — деп билдирген анда эл өкүлү.

Депутат кесиптештерин мурдагы президентти сотко күч колдонуп алып келинишин карай турган комиссия түзүүнү дагы сунуштаган.

Атамбаевди күч колдонуп сотко алып келүү

23-мартта Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өткөн. Ал жакка унаадан чыгып, процесске катышууга каршылык кылган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди мажбурлап алып киришкен. Жыйынтыгында Атамбаевдин абалы начарлап кеткени үчүн кайрадан колонияга алып кетишип, сот отуруму 30-мартка жылган.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев Атамбаев өзүн начар сезип жаткандыктан сот отурумуна катышуудан баш тартып арыз жазганына карабай аны мажбурлап сот отурумуна алып келишкенин билдирген. Анын айтымында, күзөтчүлөр «Алмазбек Атамбаевди бөлмөсүнөн колониянын кар турган плацына ич кийимчен, колу-бутунан кармап сүйрөп чыгып», күч менен автозакка салышкан.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери 24-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, анын колунан жана бутунан көгала тактарды байкашкан.

«Атамбаев көгала тактарды медициналык каттоодон өткөртүү сунушунан баш тартты», — деп билдиришкен борбордон.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери колониянын жетекчилигинен мурдагы президенттин камерасынын кире беришинин тушунда жайгашкан көзөмөл камеранын видеосун дагы берүүнү суранышкан. Бирок колониядан серверге кире алышпасын айтып, видеону берүүдөн баш тартышкан.

Кийинчерээк ЖАК өз кызматкерлери мурдагы президентке эч кандай күч колдонуп же психологиялык басым кылбаганын, ал сот отурумуна катышпай коюу үчүн жаңжалдуу жагдай жараткан деп билдирген.

Ошондой эле ЖАК 23-мартта Алмазбек Атамбаев медициналык жардам сурап кайрылбаганын да айткан.

«Атамбаевдин саламаттыгы начарлап жатат»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 14-апрелде кайрадан Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумдан тез жардам унаасы алып кеткен. Бул мурдагы президентти сот залынан тез жардам менен алып кетишкен экинчи учур.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунан мурдагы президенттин саламаттыгы күч колдонуп сотко алып келинип жаткандыктан кескин начарлап жатканын билдиришкен.

Мурдагы президент укук коргоочуларга отурганга да, турганга да мүмкүнчүлүк бербей жаткан бел ооруусун айтып даттанган. Ошондой эле ал бир аз эле кыймылдаса дем жетишпей, колу жана бутун сезбей калып жатканын айтып берген.