Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Каратаев кызматынан бошотулду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Каратаевди ээлеген кызматынан бошотту.

Мадамин Каратаев — медицина илимдеринин доктору, профессор. Ал 2018-жылы саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп иштеген.

2021-жылы апрель айынын аягында министрдин орун басары кызматынан бошотулуп, Улуттук фтизиатрия борборунун директору болуп дайындалган.

Мадамин Каратаев.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровго ведомствонун беш кызматкерин иштен бошотууну сунуштаган.

Министр өзүнүн үч орун басарын — Жалаладин Рахматуллаевди, Улук-Бек Бектургановду жана Жапаркул Ташиевди кызматтан алууну көздөгөн. Алар минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен 4-июнда ээлеген кызматынан бошотулду.

Алардан тышкары иштен алынчу кызматкерлердин тизмесинде Улуттук фтизиатрия борборунун директору Мадамин Каратаев менен Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору Нурдин Кагаздиев дагы бар болчу.

Алымкадыр Бейшеналиев болсо 2-июнь күнү Башкы прокуратура тарабынан «коррупцияга шектеп» кармалган. Ага жети берене менен кылмыш иши козголгону белгилүү болуп, УКМКнын ТИЗОсуна камакка киргизилген.

4-июнда президент Садыр Жапаров Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн айткан. Тергөө мезгилинде Бейшеналиев дагы, башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы ээлеген кызматынан убактылуу бошотулганы белгилүү болгон.

Тема боюнча:

Министрлер кабинети: Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Садыр Жапаров министр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн айтты