Министрлер кабинети: Саламаттык сактоо министринин жаңы орун басарлары дайындалды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-июлда саламаттык сактоо министринин үч орун басарын дайындады. Жалалидин Рахматулаев, Улук-Бек Бектурганов жана Жапаркул Ташиев кызматынан бошотулуп, алардын ордуна Улан Сыдыков, Бүбүжан Арыкбаева жана Жаркынбек Касымбеков министрдин орун басары болуп дайындалды.

Буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев министрликтин үч кызматкерин иштен алган — министрликтин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев, коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраева кызматынан бошогон.

Министрликтен кадрдык өзгөрүүлөр «реформаларды ишке ашыруу жана алдыга коюлган максаттарга жетүү максатында» болгонун белгилешкен.

Ал эми мамлекеттик «Кабар» агенттиги аталган кызматкерлер министрдин орун басарлары менен бирге маалымат жыйын өткөрүп, Бейшеналиевди кызматтан алуу өтүнүчү менен өкмөткө кайрылгандан кийин кабыл алынганын жазган.

Ал эми 2-июнда Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди «Коррупцияга» шектеп кармаган. Кийин министрге жети кылмыш козголгону айтылган.

Ал эми 4-июнда президент Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн айткан. Тергөө мезгилинде Бейшеналиев дагы, башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы ээлеген кызматынан убактылуу бошотулганы белгилүү болгон.

Министрдин кайрылуусу, кызматкерлердин нааразычылыгы

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 16-майда кыргызстандыктарга кайрылуу жасаган. Ал ага карата «каралоолор жана бут тосуулар болуп жатканын» айтып, буга орун басарларын күнөөлөгөн.

Ошондой эле Бейшеналиев орун басарларынын «үстүнөн түшкөн даттануулар чын экенине көзүм жетти» деп белгилеген. Иш-сапардан кайтары менен алардын кызматтарына ылайыктуулугу тууралуу маселени кароону убадалаган.

Ошондой эле ал маалымат жыйын куруп, анын үстүнөн арыздангандардын баары «10-20 жылдан ашык министрликте иштегенин» белгилеп, «медицина тармагынын кыйрашына алардын тиешеси бар деп ишенимдүү айта алам» деп билдирген.

Министр алар кызматтан бошотулса «бүтүндөй саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери үчүн да, жарандар үчүн да жеңилдик болот» деп эсептеген.

Саламаттык сактоо министринин орун басарлары жана бир катар башкармалыктардын жетекчилери 16-майда маалымат жыйын курган. Алар министр «этиканы сактабай», кызматкерлерди «мазактап, коркутуп жүргөнүн» айтышып бийликтегилерден аны жумуштан алууну суранышкан.

Ошондой эле алар Бейшеналиевди кызматтан алуу тууралуу кайрылууну УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго жолдошкон.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Спектаклдын артында кимдер турганы ачыкка чыкты». Саламаттык сактоо министри кайрылуу жасады