Прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди «коррупцияга» шектеп кармады

Сүрөт: Башкы прокуратура

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Көзөмөл органынан министр айрым кызмат адамдары менен биргеликте президенттин «Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгын «одоно бузганын» белгилешип, алар «бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз адалдоо ыкмасын уюштурган» деп айтышты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин өлкөгө эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казахстандан бекер гуманитардык жардам иретинде 451 миң 560 доза вакцина келип түшкөн. Мындан сырткары Кытай жана Орусиядан кошумча 6 млн дозадан ашык вакциналарды акысыз гуманитардык жардам иретинде бериле турганы макулдашылган.

Прокуратурадан буга карабай Бейшеналиевдин «жеке тапшырмасы менен» 2021-жылы 1 млрд 581 млн 474 миң 315 сомдук 2 млн 460 миң доза вакцина негизсиз сатылып алынганын билдиришти.

«Гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 млн 147 миң 640 доза вакцина бар болуп туруп, кызмат адамдары жеке пайда табуу максатында ашыкча 2 млн 460 миң доза вакцина сатып алышкандыгынан, ашыкча болгон вакциналардын сактоо мөөнөттөрү эскирип, колдонулбай 243 миң 223 доза керектен чыккан, калган ашыкча вакциналардын дагы колдонуу мөөнөттөрү өтүүдө», — деп берилет ведомство тараткан пресс-релизде.

Натыйжада бюджетке 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сом өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени айтылды.

Аталган факты «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары Бейшеналиевдин жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн 5 кылмыш иши тергелип жатат.