Садыр Жапаров министр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн айтты

Президент Садыр Жапаров 2-июнь күнү «Коррупцияга» шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, комиссия иштин материалдары менен таанышып, президентке маалымат жеткирип турат.

«Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта "башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган" деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар. Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип мага маалымат беришет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз», — деп белгиледи Жапаров.

Аны менен катар, президент 2022-жылдын башынан тартып бардык министрликтерди, мамлекеттик мекемелерди текшерүүгө уруксат берилгенин баса белгиледи.

«Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен министр Алымкадыр Бейшеналиев боюнча жакында эле Башкы прокуратура финансылык мыйзам бузуулар бар экенин айтып кайрылган. Эгер чындап эле мамлекетке келтирген зыяны болсо, мейли, ким болбосун сурагыла дегем. Реабилитациялык балдар борборунун ачылышынан кийин сурайлы деп күтүп жүрүшсө керек», — деген пикирин айтты президент.

Бейшеналиевдин кармалышы

2-июнь күнү президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулушу менен таанышып, министр Бейшеналиевге курулуш иштерин 15-сентябрга чейин бүтүрүүнү тапшырган болчу.

Ошол эле күнү, кечинде Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди «коррупцияга шектеп» кармап, жети берене менен кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Министр УКМКнын ТИЗОсуна камакка киргизилген.

Кийинчерээк аталган иш боюнча министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков кармалган.

Прокуратурадан учурда аталган кылмышка өкмөт мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешеси бар же жок экени иликтенип жатканын белгилешкен.

Тема боюнча: Бейшеналиевдин жактоочусу ага жолуга албай жатканын айтты