Бир кадр менен: Бишкекте алгачкы скейтпарк ачылды

Бишкекте өлкөдөгү алгачкы скейтпарк ачылды. Бул тууралуу 6-июнда калаа мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, скейтпарк Ынтымак-2 паркында жайгашып, демөөрчүлөрдүн каражатына курулган. Жаңы спорттук зона — бул шаардыктар үчүн белек.

Шаарда скейтпарктын курулушу башталганын мэрия 2022-жылдын мартында кабарлаган. Бирок ал учурда соцтүйүндөрдө аталган жерде үйлөр курулат деген маалымат тараган. Мэрия бул сөздөрдү төгүндөп, курулуп жаткан скейтпарктын Борбор Азияда мындай аналогу жок деп кошумчалаган.

Бишкекте буга чейин 2016-жылы жергиликтүү активисттер өз алдынча курган скейтпарк бар болчу. Ал Спорт ордосунун аймагында жайгашкан эле.

2019-жылы өкмөт ал жерде скейт тебүүгө тыюу салган. Анда мэриядан Peshcom демилгесине 2020-жылы активдүү эс алуу паркы куруларын, ал жерде жаңы скейтпарк болорун дагы билдиришкен.