Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери мамлекетке 4,5 млн сом зыян тийгизгени аныкталды

Саламаттык сактоо министрлигин кызматкерлери мамлекетке 4,5 млн сомдук зыян тийгизишкен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын май айынан ноябрга чейинки алты айдын ичинде Саламаттык сактоо министрлигинин жана Улуттук госпиталдын кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып, мыйзамды бузуу менен иммундук-супрессидик препараттарды сатып алуу боюнча тендер өткөрүшкөн. Медицина кызматкерлери сынактын жыйынтыгын үч жолу негизсиз жокко чыгарышкан.

Андан соң, басма сөз кызматтын тактоосуна ылайык, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Улуттук госпиталдын кызматкерлери 2021-жылдын ноябрында «Ю.Х.» жеке компаниясынан 41 млн сомго кымбат баада дары-дармектерди сатып алышкан. Прокуратурадан белгилешкендей, бул аракеттердин натыйжасында мамлекетке 4 млн 508 миң сом зыян тийгизилген.

Аталган факт боюнча «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Министрликтин коррупцияга шектелген кызматкерлери

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Башкы прокуратура чиновникке карата жети кылмыш ишин козгогону белгилүү.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Министр менен кошо бир эле учурда Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызматкери кармалган. Алар COVID-19га каршы вакциналарды сатып алуудагы коррупцияга шектелип, Бейшеналивге карата козголгон иштердин бири боюнча фигурант катары өтүшүүдө.

Башкы прокуратура Бейшеналиев коррупцияга жана COVID-19га каршы күрөшүү үчүн вакцина сатып алууда мамлекеттик бюджетке 1,5 млрд сом зыян тийгизген деп шектелип жатканын билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга Орусия, Кытай, Азербайжан, Казакстан жана бир катар эл аралык уюмдардан гуманитардык жардам катары 451 миң 560 доза вакцина берилери макулдашылганы айтылган.

Мындан тышкары, Кытай жана Орусиядан кошумча 6 млн дозадан ашык вакцина акысыз алуу сүйлөшүлгөн.

«Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы менен 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сомдук 2 млн. 460 миң доза вакцина негизсиз сатылып алынган. Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон», — деп айтылган Башкы прокуратуранын маалыматында.

4-июнда Октябрь райондук соту саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов менен Республикалык иммунопрофиликтика борборунун башчысы Гүлбара Ишенапысованы тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин УКМКнын ТИЗОсуна киргизген. Ал эми сот Дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбековду үй камагына чыгарган.

Министр Бейшеналиев өзү бир айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтеткен.