«Жеке мамилеси эске алынды». Президент Бейшеналиев менен Зулушевди кызматынан убактылуу четтетти

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана башкы прокурор Курманкул Зулушев ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу 4-июнда президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду. Анда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында ушундай чечим кабыл алганы белгиленди.

Президенттин басма сөз кызматынан кылмыш ишин кароодо саламаттык сактоо министри менен башкы прокурордун жеке мамилелери эске алынганын кошумчалашты.

Буга чейин Садыр Жапаров «Коррупцияга» шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн билдирген.

Бейшеналиевдин кармалышы

2-июнь күнү президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулушу менен таанышып, министр Бейшеналиевге курулуш иштерин 15-сентябрга чейин бүтүрүүнү тапшырган болчу.

Ошол эле күнү, кечинде Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди «коррупцияга шектеп» кармап, жети берене менен кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Министр УКМКнын ТИЗОсуна камакка киргизилген.

Кийинчерээк аталган иш боюнча министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков кармалган.

Прокуратурадан учурда аталган кылмышка өкмөт мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешеси бар же жок экени иликтенип жатканын белгилешкен.

Тема боюнча:

Бейшеналиевдин жактоочусу ага жолуга албай жатканын айтты