Октябрь райондук соту Алымкадыр Бейшеналиевди бир айга камакка алды

Алымкадыр Бейшеналиев.

Бишкектин Октябрь райондук соту кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасын карап, 2-июлга чейин камакка алды.

Отурум учурунда Бейшеналиев журналисттерге маек куруп, өзүнүн кармалышын «Зулушевдин өчү» деп атап, Травматология борборун оңдоп-түзөө учурунда башкы прокурор аны күнөөлөгөнүн айтты.

«[Башкы прокурор] Курманкул Зулушовдун өчү. Ал ошондо мени түрмөгө отургузам деп коркуткан. Мен “Эгерде аргументтер болсо отургуза бергиле” дегем», — деп билдирди ал.

4-июнда Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевди ээлеген кызматынан убактылуу бошоткон. Алардын жеке мамилеси эске алынып, Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишин адилет кароону камсыз кылуу максатында ушундай чечим кабыл алынганы айтылган.

Бейшеналиев бөгөт чарасы каралып атканда тергөөчүлөр вакцина сатып алуу боюнча айып коюп жатканын, бирок алар менен макул эместигин айтты. Ал «вакцина өз учурунда алынган» деп эсептейт.

«“Тергөөчүлөр вакцина алуунун кереги жок болчу” деп айтып жатат, министр катары вакцина өз учурунда сатылып алынды деп эсептейм. Көптөгөн кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калдык. [...] Вакцина боюнча Республикалык штабдын жетекчиси Жылдыз Бакашова менен эсперттик топ чечкен», — деди Бейшеналиев.

Ошондой эле Бейшеналиев аны кызматтан алуу боюнча «Исманкуловдун Көз микрохирургиясы» клиникасынын башчысы Алмазбек Исманкулов дагы министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылганын кошумчалады.

10-мартта министр Бейшеналиев Алмазбек Исманкуловдун клиникасына келип, кызматкерлерден имаратты бошотуп кетүүнү талап кылган. Бейшеналиев Исманкулов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны «далдыр» деп атаган. Министр эгер ал имаратты бошотпосо «бирди көрөрүн» айткан. Кийинчерээк министрлик «Исманкуловдун Көз микрохирургиясы» клиникасы жайгашкан имаратты оңдоп баштаган. Андан көп өтпөй Бейшеленалиев Исманкуловдун клиникасына келип, адамдарды бекитип кеткен.

Бейшеналиевдин кармалышы

2-июнь күнү президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулушу менен таанышып, министр Бейшеналиевге курулуш иштерин 15-сентябрга чейин бүтүрүүнү тапшырган болчу.

Ошол эле күнү, кечинде Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди «коррупцияга шектеп» кармап, жети берене менен кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Кийинчерээк аталган иш боюнча министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков кармалган.

Прокуратурадан учурда аталган кылмышка өкмөт мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешеси бар же жок экени иликтенип жатканын белгилешкен.

4-июнда президент Садыр Жапаров Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн айткан. Тергөө мезгилинде Бейшеналиев дагы, башкы прокурор Курманкул Зулушев дагы ээлеген кызматынан убактылуу бошотулганы белгилүү болгон.

Тема боюнча:

Садыр Жапаров министр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн айтты

«Жеке мамилеси эске алынды». Президент Бейшеналиев менен Зулушевди кызматынан убактылуу четтетти