Султанбаев: Зулушевдин кызматынан четтетилгени Конституцияга каршы келбейт

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Курманкул Зулушевдин тергөө маалында башкы прокурордук кызматтан убактылуу четтетилиши Конституцияга каршы келбейт деп билдирди. Буга чейин бир катар эксперттер президент башкы прокурорду кызматтан четтетип ыйгарым укуктарынан аша чапканын, андай чечимди Жогорку Кеңеш гана кабыл ала алат деп белгилешкен.

Султанбаев президент кызматтан четтетүү тууралуу чечимин министр менен башкы прокурордун жеке мамилелерин эске алуу менен «саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишин ар тараптуу жана адилет кароону камсыз кылуу максатында» кабыл алганын айтып берди.

Алымкадыр Бейшеналиев баш коргоо чарасы каралып жаткан сотто. Видеодон скриншот.

«Баарыбызга белгилүү болгондой, жазык-процессуалдык мыйзамында кылмыш иштери боюнча тергөө мөөнөтү 2 ай деп белгиленген. Демеке, башкы прокурор кызматынан алынбагандыктан, буга Жогорку Кеңештин макулдугу талап да кылынбайт. Андыктан тергөө аяктаганга чейин кызматынан убактылуу четтетүү чечими Конституцияга каршы келбейт», — деп белгиледи Султанбаев.

Президенттин басма сөз катчысы «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндөгү» мыйзамынын 7-беренеси кызыкчылыктардын кагылышы жаралганда мамлекеттик кызматкерди кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетүүгө жол берерин дагы белгиледи.

«Саламаттык сактоо министри менен башкы прокурордун жеке мамилеси — бул кызыкчылыктардын кагылышуусу — коомдук-укуктук милдеттери менен өздүк кызыкчылыктарынын ортосундагы кагылышуу, мында алардын өздүк кызыкчылыктары алардын кызматтык милдеттерди аткаруусуна таасир көрсөтөт же таасир көрсөтүшү мүмкүн, бул жарандардын, бул жагдайда Алымкадыр Бейшеналиевдин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн», — деп түшүндүрдү Султанбаев.

Зулушевдин кызматынан убактылуу четтетилиши

4-июнда президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коррупцияга байланыштуу иши боюнча Курманкул Зулушевди тергөө маалына башкы прокурорлук кызматтан убактылуу бошоткон.

Садыр Жапаров өзү сүрөмөлөп кабыл алган колдонуудагы Конституцияда башкы прокурорду кызматынан убактылуу четтеттүү механизми жазылган эмес.

Ал эми Конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиеванын белгилешинче, «президент конституциялык талаанын алкагынан чыгып, конституциялык боштукту өзү каалагандай толуктай албайт».

«Биздин Конституциянын логикасы боюнча, башкы прокурорду кызматтан четтетүү же кызматтан алуу боюнча акыркы сөздү Жогорку Кеңеш айтышы керек», — деп баса белгиледи ал.

Курманкул Зулушев парламентте. Сүрөт: Жогорку Кеңештин сайтынан.

Анткен менен Зулушевди кызматтан бошотуу маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлгөн да, каралган да эмес.

Ал эми Зулушев өзү кызматынан убактылуу четтетилгенине «президенттин буйругу талкууга жатпайт», ал аткарылууга тийиш деп комментарий берген.

Бейшеналиевдин кармалышы

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Башкы прокуратура чиновникке карата жети кылмыш ишин козгогону белгилүү.

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Эртеси күнү 3-июнда Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн билдирген. Өлкө башчысы комиссияны министрге кылмыш иши калыс козголгонбу-жокпу «өзү үчүн билип алуу» максатында түзгөнүн кошумчалаган.

«Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта "башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган" деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар», — деген ал.

Ошол эле кезде президент тергөөгө эч ким тоскоолдук кылбасын, комиссия ага материалдарды топтоп берерин белгилеген.

Буга чейин Жапаров бир нече жолу Бейшеналиевди колдоп, ал «сөзгө чоркок, бирок иштин көзүн билген жетекчи» деп сыпаттаган.

«Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду», — деген президент.

4-июнда Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди тергөө аяктаганча кызматынан бошоткон.