Сооронкулова: Зулушевди кызматтан убактылуу четтетүү — бул прокуратурага басым жасоо

Президент Садыр Жапаров Курманкул Зулушевди башкы прокурордук кызматтан убактылуу четтетүү менен Алымкадыр Бейшеналиевди «калкалап жатканын» көргөздү. Мындай пикирди экс-судья Клара Сооронкулова 24.kg басылмасына берген интервьюсунда айтты.

Анын айтымында, Жапаровдун аракетин прокуратурага басым жана иликтөөгө түздөн-түз кийлигишүү катары караса болот.

Сооронкулова президент Жогорку Кеңештин макулдугун албай Зулушевди кызматынан убактылуу четтетүүгө укугу да жок болчу деп эсептейт. Ал башкы прокурордун орун басарлары президенттин чечиминин үстүнөн даттанышы керек болчу деп кошумчалады.

«Президенттин Курманкул Зулушевди тергөө аяктаганга чейин кызматынан убактылуу четтеткени мыйзамдар толугу менен иштебей калганын көрсөттү», — деди Сооронкулова басылмага.

Ал Зулушев Бейшеналиевге кылмыш ишин козгоп жатканда мыйзамга ылайык аракет көргөнүн белгиледи.

Зулушевдин кызматтан четтетилүүсү

4-июнда президент Садыр Жапаров Башкы прокурор Курманкул Зулушевди ээлеген кызматынан убактылуу бошоткон. Президент мындай чечимди Бейшеналиевдин кармалышына байланыштуу кабыл алып, Зулушев менен Бейшеналиевдин «жеке мамилеси эске алынганы» айтылган. Ошондой эле чечим Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш ишин «адилет кароону камсыз кылуу максатында кабыл алынганы» белгиленген.

Президенттин басма сөз кызматынан кылмыш ишин кароодо саламаттык сактоо министри менен башкы прокурордун жеке мамилелери эске алынганын кошумчалашкан.

Жапаров өзү сүрөмөлөгөн колдонуудагы Конституцияга ылайык, президент башкы прокурорду парламенттин макулдугу жок кызматтан ала албайт.

«Президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен башкы прокурорду кызматтан бошотот; башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын кызматка дайындайт жана бошотот», — деп жазылган Конституцияда.

Анткен менен Зулушевди кызматтан бошотуу маселеси Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлгөн да, каралган да эмес.

Ал эми Зулушев өзү кызматынан убактылуу четтетилгенине «президенттин буйругу талкууга жатпайт», ал аткарылууга тийиш деп комментарий берген.

Жапаров Бейшеналиевдин кылмыш иштери тууралуу

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда «коррупцияга» шектелип кармалган. Башкы прокуратура чиновникке карата жети кылмыш ишин козгогону белгилүү.

Маалыматка ылайык, бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Эртеси күнү 3-июнда Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн билдирген. Өлкө башчысы комиссияны министрге кылмыш иши калыс козголгонбу-жокпу «өзү үчүн билип алуу» максатында түзгөнүн кошумчалаган.

«Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта "башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган" деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар», — деген ал.

Ошол эле кезде президент тергөөгө эч ким тоскоолдук кылбасын, комиссия ага материалдарды топтоп берерин белгилеген.

Буга чейин Жапаров Бейшеналиевди колдоп бир нече жолу пикирин айткан. Алардын биринде президент Бейшеналиев «сөзгө чоркок, бирок иштин көзүн билген жетекчи» деп сыпаттаган.

«Ошол үчүн этика жактан кемчиликтери болсо да, көз жумуп келебиз. Жасаган иши эл үчүн болуп жатса болду», — деген президент.

4-июнда Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди тергөө аяктаганча кызматынан бошоткон.